Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 8 сессиясы
2022-жылдын 21-апрели № 28/8-9
Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартибинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартибинин Жобосу бекитилсин (№1 тиркеме расмий тилинде);
2. Бул Токтомдун аткарылышы Ананьево Айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Мамагулов С. |