Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 8 сессиясы
2022-жылдын 21-апрели № 28/8-10
Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы, пайдалануусунда жана тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди (объектилерди) туура жана натыйжалуу пайдалануу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КРнын мыйзамынын жана “Муниципалдык мүлк жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБОcун талкуулап айылдык кеңеш:
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБОcу бекитилсин (№1 тиркеме);
2. Бул Токтомдун аткарылышы Ананьево Айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
4. Бул Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Мамагулов С. |