Редакцияот 21.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 8 сессиясы

2022-жылдын 21-апрели № 28/8-12

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Ананьев айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАМ:

 

1.  Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана алардын стандартары бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).

2.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ананьев айыл өкмөт башчысы Б.Т.Байгазаковго милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ананьев айылдык кеңешинин бюджет,финансы,экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссияга милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Ананьев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Мамагулов С.