Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 9 сессиясы
2022-жылдын 27-июлу № 28/9-2
Таштанды төгүүчү жайды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманходжоев Б.И. маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ананьев айыл аймагына караштуу Көк-Дөбө айылынын күн батыш тарабында жайгашкан жайыт жеринен жалпы аянты 6,0га жерди “айыл чарба жерлери” категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун жана Ананьев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |