Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-июлу № 28/9-3
Ананьево айыл аймагында катуу таштанды калдыктарын (КТК) чыгаруу кызмат акысын (тарифти) бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ананьево айыл аймагында катуу таштанды калдыктарын (КТК) чогултуу, чыгаруу жана кайра иштетүү боюнча кызмат акысын (тарифти) төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Жеке турак жайларга, 1 кожолука айына 80 сом, же 1 киши башына 20 сом;
- Коммерциялык тараптарга: соода түйүндөрү, коомдук тамактануу жайлары, АЗС, СТО ж.б., айына – 150 сом сом;
2. Бул Токтом менен Ананьево айыл аймагында катуу таштанды калдыкты (КТК) боюнча төмөнкү чогултуу нормалар (норма накопления) бекитилсин:
- Жеке турак жайларга, 1 кожолука жылына – 1,53 м3 , 1 кишге жылына - 0.51 м3;
- Коммерциялык тараптарга жылына – 2,86 м3.
3. Бул Токтомду аткарылышы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысыБайгазаков Б.Т. милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |