Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 10 кезексиз сессиясы
2022-жылдын 22-сентябры № 28/10-1
Ананьево айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА ылайык маселени карап, талкуулап чыгып Ананьев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ананьев айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына саат 11-00 гѳ чакырылсын
2. Ананьев айыл аймагынан жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 100делегаттан турары белгиленсин
3. Ананьев айыл аймагынан жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адамдан бекитилсин (№1-тиркеме)
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 20-октябрга чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн (№2-тиркеме)
5. Ананьев айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
6.Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
7.Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
9. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
10. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Ананьев айылдык кеңешинин Депутаттык “Укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу ”туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мамагулов С.К. |