Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-январындагы № 7 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө 2005-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жер
кодексине (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, № 9, 1999-ж., 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-статья төмөнкүдөй махмундагы 2-1, 2-2, 2-3, 3-1, 9-1, 22-1, 23-1, 24-1-пунктчалар менен толукталсын: "2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери; 2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймак-тарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери; 2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытын-да пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкция-лоонун түрлөрүн аныктоо;"; "3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;"; «9—1) зона (регламенттик зона) — аймак, ага карата (жана тиешелүүтүрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шааркуруу регламенти белгиленет;»; «22—1) укуктук зоналарга бөлүү — шаардык жана айылдык калктууконуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жанаишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жанаатайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;»; «23—1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жердипайдалануу эрежелери (мындан ары — үй куруу жана жерди пайдаланууэрежелери) — шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлкобъекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучужергиликтуү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарымукуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;»; «24-1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттеринуруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруудокументтеринде жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелеринде,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой элесервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шааркуруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк обьекттерин пайдалануу;»; 2. 13-статьянын 3 — пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Айылдык калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жеручастокторуна укук берүү шаар куруу документтери, үй куруу эрежелерижана жерди пайдалануу негизинде, ушул Кодексте жана КыргызРеспубликасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленгентартипте гана жүргүзүлөт.». 3. 14-статьянын аталышындагы жана биринчи абзацындагы «шаардыкмамлекеттик администрациянын» деген сөздөр «шаардык жергиликтүү өзалдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчүорганынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4. 77-статьяда: - 1, 3 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үйкуруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.»; «3. үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунунбекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынчабашкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелеринаныктайт.»; «5. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогунаукук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана үйкуруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтерининнегизинде жүргүзүлөт. Менчикке же калктуу конуштарга пайдалануута берилген жеручастокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоонуархитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.». 5. 79-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «79-статья. Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү; 1. Зоналарга бөлүү — калктуу конуштардын жерлеринин аймагынпайдалануунун функционалдык жана укуктук режимин белгилөө менензоналарга бөлүү. 2. Калктуу конуштардын аймагын функционалдык зоналарга бөлүүаймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруучектөөлөрүн аныктоо үчүн шаар куруу документтеринин курамындааткарылат. 3. Калктуу конуштардын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жергиликтүүөз аддынча башкаруу органдары тарабынан алардын юрисдикциясындагычегараларда жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелерин иштеп чыгуу жанаишке ашыруу жолу менен белгиленет.». 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев