Редакцияот 13.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)

2023-жылдын 13-сентябры № 156

Жылуулук-энергетикалык комплексмекемелеринин 2023-2024-жылдарга каратакүз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Маматовдун жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2023-2024-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө маалыматын угуп, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 5-сентябрындагы №20 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2023-2024-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Маматовдун маалыматы эске алынсын.

2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):

-Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери аркылуу берилүүчү жылуулуктун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана күз-кыш мезгилин өткөрүүгө багытталган иш чаралардын үзгүлтүксүз аткарылуусун камсыздоо;

-жылуулук энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен кышка болгон даярдыгын талап кылуу жана берилүүчү жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө;

-шаардагы мектептердин, балдар бакчаларынын, ооруканалардын жана  поликлиникалардын жылуулук берүү системасын Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасына, “Ош шаарынын муниципалдык турак-жай” коммуналдык башкармалыгына техникалык кароосун жана тейлөөсүн бекитип берүү жагын карап чыгуу;

-күз-кыш мезгилинде көп кабаттуу үйлөргө, социалдык обьектилерге жылуулук берүү боюнча өз долбоорлорун сунуштап жаткан жеке менчик компаниялар менен иш алып баруу;

-шаар аймагындагы абанын тазалыгын сактоо максатында, шаарда абанын булгануусун анализдеп, коммерциялык багыттагы мончо, коомдук тамактануучу жайлардын (менчигинин түрүнө карабастан) отказандарынын, тамак бышыруучу очокторунун мооруларына фильтр коюуну камсыз кылуу;

-күз-кыш мезгилине карата  кум, туз каражаттарын жетиштүү көлөмдө даярдоо  үчүн акча каражатын чечүү;

-калк арасында отун-көмүр камдоо жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча  муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу иш алып баруу милдеттендирилсин.

3.“Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы Ош шаардык жылуулук электр борборуна (Ф.Адиев), Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасына (Б.Эргешов) капиталдык жана катардагы оңдоп-түзөө, жаратылыш газы, көмүр, мазут отундарын жетиштүү көлөмдө камдоо иштерин аягына чыгаруу, социалдык обьектилерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу милдеттендирилсин.

4.Ош райондук электр тармактары ишканасы (А.Самидинов), “Сулайман-Тоо” райондук электр тармактары ишканасы (Д.Кадырбердиев) шаар тургундарына авариялык өчүрүүлөр боюнча маалымат берип туруу милдеттендирилсин.

5.“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы (А.Жунусов), “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына (А.Большевиков), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) күз-кыш мезгилине атайын техникаларды, кумду, тузду жетиштүү өлчөмдө даярдоону жана жолдорду кар-муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыздоо тапшырылсын.

6.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына  жарыялансын.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.Назылбеков