Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 10-февралы № 29
Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 97 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык, Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депуттатык комиссиясынын 2022-жылдын 4-февралындагы №1 чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарынын 2022-2024-жылдарга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаарынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 2 294 167,6 миң сом, 2023-жылга болжолу 1 630 200,0 миң сом жана 2024-жылга болжолу 1 661 683,0 миң сом суммасында 2, 2-1, 3, 4 жана 5- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 97 токтомунун редакциясына ылайык)
3.Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2022-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 6- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекеме, ишканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн төлөнүүчү компенсацияга субсидия 30 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкы аркылуу алынган кредиттерди жоюуга, ошондой эле Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоциаларга мүчөлүк акы төлөөгө 123 534,0 миң сом акча каражаты каралсын.
8. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга 10 сом эсебинде) жана өз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (С.Юсупова) милдеттендирилсин.
9. В.Терешкова атындагы мектеп интернатында жатып окуган окуучулардын тамак ашына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир окуучуга 50 сомдон кошумча берилип, бир окучууга норма бир күнгө 110 сом өлчөмүндө бекитилсин.
10.Шаардагы мектептердин мугалимдеринин жана балдар бакчаларындагы тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө женилдиктер үчүн айына бир кызматкерге 300 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №157 “Социалдык кызматкерлер жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндөгү токтому менен бекитилген Жобонун 13 пунктуна ылайык Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрүнө жана жол киресине жеңилдиктерге бир кызматкерге айына 3 000 сомдон бекитилсин.
12. Ош шаардык Кенешинин, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маянасына ай сайын 2022-жылдын 1-январынан 100 пайыздан үстөк акы белгиленсин.
13. Муниципалдык аймактык, Жапалак айылдык аймактык, тышкы байланыштар жана аналитика, муниципалдык менчик, маданият башкармалыктардын, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт комитеттеринин муниципалдык кызматкерлеринин, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын (Ош шаарынын мэриясынын «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ошсвет», “Ош шаардык жолдор” жана «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканалары, Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросу) административдик-техникалык кызматкерлеринин кызматтык маянасына ай сайын 2022-жылдын 1-январынан 50 пайыздан үстөк акы белгиленсин.
14. Ош шаардык Кенешинин башкы эсепчисине 13180 сом, Ош шаарынын мэриясынын башкы эсепчисине 16 000 сом, чарба башчыларына, эсепчилерине, инженер-программисттерге 8000 сомдон, жетекчинин катчыларына 5000 сомдон, тазалоочуларга 4000 сомдон жана башка кенже тейлөөчү кызматкерлерге 2000 сомдон кызматтык маянасына ай сайын 2022-жылдын 1-январынан үстөк акы белгиленсин.
15. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык, Жапалак айылдык аймактык, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика, Ош шаардык муниципалдык менчик, шаардык маданият башкармалыктардын, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча, дене-тарбия жана спорт комитеттеринин, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын башкы эсепчилерине 5000 сомдон, эсепчилерине, чарба башчыларына 4000 сомдон, жетекчинин катчыларына 2000 сомдон, айдоочуларга 3000 сомдон, тазалоочуларга, кароолчуларга 1500 сомдон кызматтык маянасына ай сайын 2022-жылдын 1-январынан үстөк акы белгиленсин.
16. Ош шаарынын мэриясынын Автогаражынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына 2022-жылдын 1-январынан ай сайын 3000 сомдон үстөк акы белгиленсин.
17. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын (Ош шаарынын мэриясынын «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ошсвет», “Ош шаардык жолдор”, “Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканалары, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасынын эсебинен каржыланган) кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 2022-жылдын 1-январынан ай сайын үстөк акы 8- тиркеме ылайык бекитилсин.
18. Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына акча каражаты 9- тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. 2022-2024-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү 10-тиркеме ылайык бекитилсин.
20. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланышы үчүн жеке жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
21.Бюджеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга атайын каражаттарын казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын.
22. 2022-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 19 203,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
23. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу муниципалдык жерлерден, имараттардан жергиликтүү бюджетке салык эмес кирешелердин түшүүсүн, жерлердин инвентаризациясын жана мыйзамсыз берилип кеткен муниципалдык жерлерди тактоо үчүн Ош шаардык Кеңешинин фракция мүчөлөрүнөн турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
24. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
-Ош шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эффективдүүлүгүн жакшыртуу жана ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында Ак-Буура дарыясынын эки тарабындагы аймактарда 2 администрациялык райондорду түзүү маселесин карап чыгуусу;
-Ош шаарындагы милдеттери кайталанган муниципалдык мекеме-ишканалардын, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитеттин, шаардык маданият башкармалыгынын, дене тарбия жана спорт комитетинин, А.Суюмбаев атындагы стадиондун жана Алай футболдук клубунун, Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборунун, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун, Ош шаардык китепканасынын жана филиалдарынын, ошондой эле Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасынын функционалдык милдеттерин тактап, алардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо маселесин карап чыгуу жагы;
-Ош шаарынын бир вице-мэрдин штаттык бирдигин жоюу маселесин карап чыгуусу;
-Ош шаарында муниципалдык ижарага берилген кичи базарлардын жер тилкелерин “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын балансына алуу маселесин карап чыгуусу;
-Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу шаардагы мектептерге саркынды суу агуучу системаларды куруу;
-Ош шаардык капиталдык курулуш, Ош шаарынынын муниципалдык менчик башкармалыктарынын жана Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасынын 2022-жылдагы титулдук баракчаларында каралган акча каражаттарынын максаттуу, өз убагында, так жана толугу менен каржылоону камсыздоосу тапшырылсын.
25. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (Р.Аданов), Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы (О.Торобаев) жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Семетеев) 2022-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бөлүгүн (ар бир түрү боюнча) толугу менен өз убагында аткаруу милдеттендирилсин.
26. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
27. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |