Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-майындагы № 129
Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылга карата иш-планына ылайык Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №6 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Ж.Жетигенов) 2023-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин салык жана салык эмес кирешелеринин пландык көрсөткүчтөрүнүн так аткарылуусун камсыз кылуу;
-“Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасындагы милдеттемелердин аткарылышын камсыз кылуу;
-коомдук транспорт тармагынын абалын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну колго алуу;
-жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан социалдык обьекттердин курулушунун өз убагында бүткөрүлүшүн камсыздоо;
-Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
-“Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалынын аймагында поликлиника куруу үчүн жер тилкесин табуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын жайыттарын пайдалануу тартибин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишин кароо, ошондой эле Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы пайдаланылбай калган айыл чарба багытындагы жерлерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |