Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясы (V чакырылыш)

2023-жылдын 30-марты № 127

Ош шаарындагы айрым жолдорду тартипке келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Ош шаарындагы айрым жолдорду тартипке келтирүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 17-мартындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):

- А.Масалиев менен А.Шакиров көчөлөрүн бириктирген Б.Нурматов көчөсүн ачуу;

- А.Масалиев көчөсүндөгү айлампадан (Грензовод) тарта Ош шаарындагы №2 К.Маркс атындагы орто мектебине чейин А.Шакиров көчөсүнө оор жүк ташуучу унааларды жол боюна токтотууга (парковка) тыюу салуу; 

- Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган жол чыракты жана шаардагы башка жол чырактарын текшерүүдөн өткөрүү, жол тыгындарын азайтуу максатында аларды  кайра программалоо;

- Ленин көчөсүндө, А.Асранкулов жана М.Аматов көчөлөрүнүн аралыгында жайгашкан шаардын борбордук аянтындагы жол кыймылына саат 20:00дөн 01:00гө чейин чектөө коюу;

- борбордук аянттын аймагында соода-сатык жүргүүзүгө жана спорттук инвентарларды ижарага берүүгө тыюу салуу;

- борбордук аянтта жума сайын бир жолу маданий-массалык иш чаралардын өтүүсүн уюштуруу;

- Ош шаарынын аймагындагы ички жолдордун абалын көзөмөлгө алуу жана аларды оңдоо боюнча иш алып баруу;

- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү видео роликтерди, телеберүүлөрдү чагылдырууну колго алуу тапшырылсын.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө  кырдаалдар  маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына  (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.Назылбеков