Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 13-сентябры № 57
Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын маалыматы менен таанышып, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 2-июнундагы отурумунун №5 чечимин, ошондой эле депутаттардын ой пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) сессияда айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган тарбиялык иштерди үзгүлтүксүз алып баруу боюнча тиешелүү мекемелердин ишмердигин көзөмөлгө алуу;
- жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жайкы каникулда эс алуусун камсыздоо үчүн “Жаштык” лагерин оңдоп-түзөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- жаш өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуктан коргоо максатында, укук коргоо органдарына ыкчам кайрылуу үчүн, мектептерде, бала бакчаларда жана башка жайларда, көрүнөө жерлерге, атайын тактайчаларга укук коргоо органдарынын ишеним телефондорун жазып коюуну камсыздоо;
- түнкү клубдардын, компьютердик залдардын аталыштарын карап чыгып, өспүрүмдөргө терс таасирин берүүчү аталыштарды өзгөртүү боюнча чараларды көрүү тапшырылсын.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы “Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө” №45-токтому жокко чыгарылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |