Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 27-августу № 75-П
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 10-сентябрына дайындалсын.
2. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору Жумалиев Аскар Дүйшөнбекович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаардык кеңеши менен бирдикте Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |