Редакцияот 07.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2010-жылдын 7-сентябры № 83-П

1. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жумушчу тобунун 2010-жылдын 20-24-сентябрында Женева шаарында өтүүчү 15-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Мамбеталиева Ж.Ж.

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, делегациянын башчысы;

Султанбаев Т.Ж.

- Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;

Бактыбаев Р.Г.

- Кыргыз Республикасынын Бащкы прокурорунун биринчи орун басары;

Сарыбаев Ч.А.

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги;

Алтымышева А.Д.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин үчүнчү катчысы.

2. Командировкалык чыгымдар, маршрут боюнча жол кире жана жашоо үчүн чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

 

Р.Отунбаева