КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 27-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы "эмгек акынын эң аз айлык өлчөмү", "эң аз айлык эмгек акы", "айлык эмгек акынын эң аз өлчөмү", "эмгек акынын эн аз өлчөмү" жана "эң аз эмгек акы" деген сөздөр тийешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 8-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |