Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 339-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 24-майы № 309-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Көчүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келгендер-дин укугун коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. Премьр-министр Н.Танаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда көчүү процессин жөнгө салуу жана көчүүчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтү,мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, - адам укуктары боюнча БУУнун материалдарынын негизги принциптери-не таянуу менен, - Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосунда1996-жылдын 12-июлундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негизи туура-луу Келишимдин жоболоруна негизденип, - өз эрки менен көчө тургандар үчүн жөнөкөйлөтүлгөн шартын жанатартибин белгилөөнү каалап, - тарыхый жана салттуу достук байланыштарды жана бир тууган коњшу-лаштык мамилелерди сактоого жана бекемдөөгө эки өлкөнүн элдеринии умту-лууларына таянып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Келишимдеги пайдаланылган терминдер төмөндөгүдөй маанилергеээ: "Көчүүчү" - туруктуу жашап жаткан мамлекетин өз эрки менен калты-рып, туруктуу жашоо үчүн башка мамлекеттин аймагына келген адам. "Көчүүчүнүн бүлөсү" - аялы (күйөөсү), ата-энеси, өспүрүм балдары,ошондой эле көчүүчү менен чогуу жашап жана жалпы чарбачылык жүргүзгөнбашка туугандары, эмгекке жараксыз багуудагылар. "Көчүп кетүүчү мамлекет" - мурунку туруктуу жашаган мамлекети. "Көчүп келүүчү мамлекет" - туруктуу жањы жашай турган мамлекети. 2-статья. Бул Келишим Кыргыз Республикасынан Тажик Республикасына жана ТажикРеспубликасынан Кыргыз Республикасына көчүп барган адамдарга каратаколдонулат. Тараптар адамдарды ар кандай зордоп көчүрүүгө жол берилбестигинтаанышат. 3-статья. Бул Келишим төмөнкүлөргө колдонулбайт: а) качкындарга; б) мигрант-эмгекчилерге; в) күнөөсү үчүн соттолгондорго жана күнөөсүн өтөп жаткандарга; г) көчүп келүүгө тоскоолдук кылуучу абал оњолмоюнча, көчүп келишимамлекеттин коопсуздугуна зыян келтире тургандарга; д) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен жана мекемелер-дин, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен ошондой эле жекеадамдардын алдында мүлк жана бересесинен кутула электигинен көчүп келүүкийинкиге калтырылгандарга; е) Кыргыз Республикасынын же Тажикстан Республикасынын аймагындаокууга, өз алдынча жана иш боюнча барып, убактылуу тургандарга; ж) чындыгында аскер кызматын өтөгөн аскер кызматындагыларга жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүнө. 4-статья. Көчүүчүлөргө көчүп келүү уруксатын эл аралык укуктук жанакирүүчү мамлекетгин улуттук мыйзамдарынын нормаларына ылайыккөчүп кирүүчү мамлекет тарабынан берилет. 5-статья. Тараптар өз аймактарында көчүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүн жыныстык, улуттук, тил, диний жана ишеним белгилери, саясийжана башка көз караштары, улуттук, этностук же социалдык абалы, эконо-микалык мүлктүк жана үй-бүлөлүк шарты боюнча басмырлоого жол бербестенкамсыз кылышат. 6-статья. Тараптар бул Макулдашууну контролдоону жана көчүүчүлөрдүн иштеринкоординациялоону, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жүктөшөт: - Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлиги; - Тажик Республикасында - Тажик Республикасынын калкты эмгек жанасоциалдык жактан коргоо министрлиги; 7-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары көчүп келгендер-ге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй зарыл маалыматтарды бе-рет: а) ушул Макулдашуунун мазмуну жөнүндө; б) көчүп келүүчү мамлекеттеги алардын укуктары жана милдеттери ту-уралуу; в) иш менен жайгаштыруунун шарттары, билим алуу мүмкүнчүлүгү, ке-сиптик даярдык, кайра даярдоо, кесиптик багыт берүү жана ошондой элекөчүп келген мамлекеттеги жашоонун шарттары (табигый-жаратылыш, тур-муш-тиричилик, социалдык-маданий ж.б.) жөнүндө. 8-статья. Көчүп келүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү мындай укуктаргаээ: а) көчүп келүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын улуттук бай-лыгы болуп эсептелген маданий, тарыхый жана башка дөөлөттөрдү эсепкеалган чектөөдөн башка бардык белгиленген тартипте катталган жана көчүпкеткенге чейин өз менчиги болуп эсептелген кыймылдуу мүлктү ал мамле-кеттен алып кетүүгө; б) алардын жеке менчиги болуп эсептелген мүлктү сатууга же болбособашкача пайдаланууга; в) Тараптын мыйзамдарында тартипте көчүп кетүүчү мамлекеттин мам-лекеттик банк мекемелерине салынган акчасын жана активин көчүп келүүчүмамлекеттин аныкталган мамлекеттик банк мекемелерине ылайык которууга; г) көчүп кетүүчү мамлекеттин аймагында өзүнө тиешелүү кыймылдуужана кыймылсыз мүлккө, айыл чарба багытындагы тиешелүү жерлерден тышка-ры, акчалай салымдарына жана активдерине менчик укугун сактоо менен ээ-лик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укуктарын жүргүзүүгө; Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, айыл чарба багытындагы жерлердентышкары, ээси чет мамлекетте туруктуу жашаса же көчүп кетүүчү мамлекет-тинин жараны болбосо, анда аталган мүлккө ээлик кылуу укугунан ажыра-тылбайт. 9-статья. Көчүп кетүүчү мамлекет көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүнө улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик же му-ниципалдык, кызматтык жана ведомстволуктан тышкары ээлеп турган туракжайларын менчиктештирип алууга укук берет. Көчүүчү өзүнүн менчигинде болгон мүлктү башкарууну, пайдалануунужана жайгаштырууну ишке ашыруу көчүп кетүүчү мамлекеттин улуттук мый-замдарына ылайык жүргүзүлөт. Бир тараптан - көчүп кетүүчү мамлекеттин аймагында турганкөчүүчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда, же экинчи та-раптан - тиешелүү адамдар тарабынан менчик жөнүндө граждандык-укуктукталаптар көчүп кетүүчү мамлекеттин аймагында ошол мамлекеттин мыйзамда-рына ылайык жана ушул - Макулдашуунун негизинде сот аркылуу чечилет. Көчүп келүүчү мамлекеттин компетентүү бийликтери көчүп кетүүчүмамлекеттин сотторунун аталган талаш-тартыш боюнча мыйзамдуу күчкө кир-ген чечимдерин, анын ичинде көчүп келүүчү мамлекеттин аймагында аткаруумаксатында таанышат. 10-статья. Тараптар көчүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн менчик мүлктү(Тараптардын мамлекеттик мыйзамдары менен четтен алып келүүгө/алыпкетүүгө тыюу салынган буюмдардан тышкары) алып кирүүгө жана алып чыгуу-га коюлуучу чектөөлөрдөн жана ушуга байланыштуу бажы алымынан дагы баш-ка жыйымдардан бошотууну камсыз кылышат. Көчүүчүлөр тарабынан ишке ашырылуучу төлөмдөрдөн тышкары, чыгары-луучу акча каражаттары, жана которулуучу манаттар жана активдер жыйым-дан жана пошлинадан бошотулат. 11-статья. Көчүп кетүүчү мамлекет көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүнө менчик турак-жайын жана башка мүлкүн сатууга же башка пайда-лануунун башка түрлөрүнө тоскоолдук кылбайт. Көчүп келүүчү мамлекет келүүчүлөргө жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүнө жањы жашаган жерде жайгашуу боюнча жардам көрсөтөт. Тараптар эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартип-ке ылайык көчүүчүлөр турак-жайларын өз ара алмашууга тоскоолдук кылыш-пайт. 12-статья. Көчүп келүүчү мамлекет жыл сайын көчүп келүү боюнча квота (чектөө)белгилейт, ага ылайык көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө булмамлекетке көчүп келүүгө уруксат берилет. Квотанын өлчөмү көчүп келүүчүмамлекет тарабынан өз алдынча белгиленет. Тараптар мамлекеттердин биринин аймагына адамдардын өз алдынчауруксат албастан көчүп келүүгө укуктуу деп таанышат. Өз алдынча көчүпкелгендерге бул Макулдашуунун жоболору колдонулбайт. 13-статья. Тараптар Кыргыз Республикасында жана Тажик Республикасында өзүнүныйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын өкүлчүлүктөрүн ача алат. Зарыл-чылык болгон учурда ар бир Тараптын аймагында Тараптардын ыйгарым укук-туу мамлекеттик органына таандык пункттарды ачууга болот. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциясына төмөнкүлөр ки-рет: а) көчүрүү програмаларын жүзөгө ашыруу; б) өзүнчө Протокол менен таризделген көчүүчүлөрдү кабыл алуу боюн-ча Тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн жыл сайын тактоо жана макулдашуу; в) Тараптардын мыйзамдарында тыюу салынбаган маалымат алмашуу жанаөз ара консультациялар; г) көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул Макулдашуунун7-статьясында каралган боюнча маалымат берүү; д) көчүүчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүп кетиши-не-келишине байланыштуу талап кылынган формалдуулуктарды жана жол-жобо-лордун аткарышына жардамдашуу. 14-статья. Көчүүчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздооукуктарын пайдалануу тартиби өзүнчө Макулдашуу менен жөнгө салынат. 15-статья. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзүнчө прото-кол менен таризделген, ушул Макулдашуунун 18-статьясында каралган тар-типте анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана күчүнө киргенөзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилүүгө мүмкүн. 16-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун талкулоо жана колдонуу боюнча бардыкталаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жанакењешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. 17-статья. Бул Макулдашуу башка Тараптын катышуучулары болуп саналган, эларалык келишимдерден келип чыгуучу Тараптын укугуна жана милдетине тий-бейт. 18-статья. Бул Макулдашуу - ратификацияланууга тийиш, ратификациялоо грамота-ларын алмашуу күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири дагы беш жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин алтыайдан кем башка Тарапка кат түрүндө бул Макулдашуунун күчүн токтотуужөнүндө өзүнүн ниетин билдирбесе, анда анын колдонулушу автоматтыктүрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат. _______ шаарында 200_ ж. ___ ______ эки түп нускада ар бири кыр-гыз, орус жана тажик тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкөээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкулоодо пикир келишпестиктер келипчыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат. Кыргыз Республикасынын Тажик Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн