Бишкек шаары2006-жылдын 1-февралы, №32 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 2005-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 9-статьянын экинчи бөлүгүнүн 36 жана 37-пункттары төмөндөгүдөйредакцияда баяндалсын: "36. "Негизги каражаттар" - экономикалык иште пайдаланылган жепайдаланууга арналган, пайдалануу (эксплуатациялоо) мөөнөтү бир жылданашык, наркы минималдуу 1000 айлык эмгек акыдан жогору болгон, өзүнүннаркын бара-бара өзү түзгөн товарларга, жумуштарга жана кызматкөрсөтүүлөргө өткөрүүчү активдер, ошондой эле, эгерде ушул Кодекстебашкача белгиленбесе, жер. 37. "Негизги өндүрүштүк каражаттар" - технологиялык жабдуу (техни-калык каражаттар), ошондой эле алардын негизги каражаттарга таандыкболгон өнөржай, курулуш, айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүштөрүнүнтехнологиялык процесстерин жабдуу үчүн зарыл болгон, чарба жүргүзүүчүсубъект тарабынан өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн, мындай өндүрүштүкишинин бүткүл мөөнөтүнө ээликтен ажыратуусуз алынып келинүүчү жана нар-кы минималдуу 1000 айлык акыдан ашкан бөлүктөрү.". 2. 16-статьяда: - биринчи бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толуктал-сын: "6) алардын ишин жөнгө салуучу белгиленген мыйзамдарга ылайык Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө."; - статья төмөндөгүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "5. Ушул статьяда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик орган-дарга салык органдарынан маалыматтын жашырындыгын түзгөн маалыматты жа-на документтерди талап кылууга тыюу салынат.". 3. 72-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "ушул Кодекстин 127-статьясынынталаптарына ылайык КНС жана" деген сөздөр "гана" деген сөз менен алмаш-тырылсын. 4. 89-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "89-статья. Жеке адамдарга жеке киреше салыгынын ставкалары Проценттерден тышкары салык салынуучу кирешеге - төлөөнүн булагыболгон жеке адамдын календарлык жылда алынган жылдык жыйынды кирешесинежараша 10 проценттик ставка боюнча салык салынат.". 5. 106-статьяда: - биринчи бөлүгүндөгү "20" деген сан "10" деген сан менен алмашты-рылсын; - үчүнчү бөлүгүндөгү "ушул Кодекстин 127-статьясынын талаптарынаылайык КНС жана" деген сөздөр "гана" деген сөз менен алмаштырылсын. 6. 139-статья төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толуктал-сын: "3. Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн өзү өндүргөн айыл чарбапродукцияларын жөнөтүүсү, ошондой эле айыл чарба товарларынөндүрүүчүлөрдүн өздөрү өстүргөн кайра иштетилүүчү продуктыларынжөнөтүүсү КНСтен бошотулган жөнөтүү болуп саналат.". 7. 147-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктчасы алып салынсын. 8. 26-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 148-статья менен толукталсын: "148-статья. Импорттолуучу негизги каражаттарга КНСти эсепке алуу методу менен төлөө 1. КНС ушул статьяда салык салынуучу субъектилер тарабынан эконо-микалык ишти жүзөгө ашыруу максатында алынып келүүчү негизги өндүрүштүккаражаттарды импорттоо боюнча белгиленген тартиптеги эсепке алуу методуменен төлөнөт. 2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негизги өндүрүштүккаражаттар белгиленген тартипте бажы пошлиналары жана жыйымдарытөлөнгөн шартта Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө КНСтитөлөбөстөн алынып келинет. 3. Жүктүк бажы декларациясында көрсөтүлгөн КНСтин суммасы КНС бо-юнча салыктык отчеттуулукта КНСтин чегерилген суммасы катары чагылдыры-лат, ошол эле мезгилде ал ушул Кодекстин 121 жана 122-статьяларына ыла-йык эсепке алууга таандык кылынат. 4. Каржылык ижара (лизинг) үчүн арналган негизги өндүрүштүк кара-жаттарды алып келүү лизинг алуучу тарабынан жүзөгө ашырылган негизгикаражаттарды алып келүү катары каралат. 5. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негизги каражат-тарды андан ары жөнөтүүгө КНС салынат, бирок, эгерде ушул Кодексте баш-кача каралбаса, аларды импорттоодогу КНСтин эсептелген суммасынан төмөнболбоого тийиш. 6. Чегерим методу боюнча КНСти төлөөнүн чегерим операцияларынөткөрүү механизми Мамлекеттик бажы инспекциясы менен макулдашуу боюнчаМамлекеттик салык инспекциясы иштеп чыккан тиешелүү ченемдик укуктукактыларга ылайык аныкталат.". 9. 184, 185, 187, 188, 190, 192, 193 жана 194-статьялар күчүн жо-готту деп табылсын. 10. 198-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "198-статья. Салык салуу объектиси жана салыктын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында транспорт каражаттарынынжана башка өзү жүрүүчү машиналардын жана механизмдердин ээлеринен алы-нуучу салык жыл сайын төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:-----------------------------------------------------------------------| | Транспорттун түрү | Даярдоочу заводдон |Кыймылдаткычтын ар|| | | чыгарылган жылдан |бир 1 куб.см || | | тартып пайдаланылган |жумушчу көлөмүнөн || | | мөөнөтү |сом менен алынуучу|| | | |салык суммасы ||-|-------------------------|----------------------|------------------||1| 2 | 3 | 4 ||-|-------------------------|----------------------|------------------||1|Жењил автомобилдер, |5 жылга чейин | 0,90 || |пикаптар жана жењил |5 жылдан 10 жылга | 0,75 || |автомашиналардын |чейин | || |базасындагы фургондор |10 жылдан 15 жылга | 0,60 || | |чейин | || | |15 жылдан жогору | 0,45 ||-|-------------------------|----------------------|------------------||2|Жук ташуучу автомобилдер,|5 жылга чейин | 0,75 || |автобустар, чакан |5 жылдан 10 жылга | 0,60 || |автобустар |чейин | || | |10 жылдан 15 жылга | 0,45 || | |чейин | || | |15 жылдан жогору | 0,30 ||-|-------------------------|----------------------|------------------||3|Өзү жүрүүчү машиналар |15 жылга чейин | 0,30 || |жана механизмдер |15 жылдан жогору | 0,15 || |(тракторлор, комбайндар | | || |жана башкалар) | | ||-|-------------------------|----------------------|------------------||4|Мотоциклдер, |10 жылга чейин | 0,15 || |мотороллерлор, моторлуу |10 жылдан жогору | 0,09 || |кайыктар (катерлер) | | ||-|-------------------------|----------------------|------------------||5|Яхталар жана суу |5 жылга чейин | 1,8 || |мотоциклдери |5 жылдан жогору | 1,2 |----------------------------------------------------------------------- 11. 206-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "Коммерциялык максаттардаөткөрүлүүчү жергиликтүү аукциондорду жана лотереяларды, конкурстардыжана көргөзмөлөрдү өткөрүү укугу үчүн жыйым" деген 185-статья; "Видео-салондордон жана концерттик зоок иш-чараларынан алынуучу салык" деген194-статья алып салынсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленгенден башкаучурлары, 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 5-пунктунун табигый жана уруксат бе-рилген монополиялардын субъектилери болуп эсептелген юридикалык жактарүчүн пайдадан алынуучу салыктын 10 процент өлчөмүндөгү ставкасы жагын-дагы күч-аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгентизмеге ылайык 2007-жылдын 1-январынан тартып колдонулат. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев