Бишкек шаары2006-жылдын 8-февралы № 37 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2005-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы билим берүүнүн экинчи долбоору боюнча (0020-КGZ (SF) Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 2006-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2005-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы билим берүүнүн экинчи долбоору боюнча (0020-КGZ (SF) Гранттык макулдашуу төмөнкүдөй эскертүү менен ратификациялансын: "Гранттык макулдашуунун Тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнчаАзия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Билимберүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги жүргүзөт". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкына Гранттык макулдашуунун ратификациялангандыгы тууралу билдирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев