Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 10-марты № 151-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-октябрындагы №682-б
буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Та-жикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара жер участокторунбөлүп берүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-зилсин: 1-статьясынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районунун ай-магында, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун кыргыз-тажик мамлекет-тик чегарасынын линиясы менен кесилишкен жердеги чекитинен баштап,Ош-Исфана автомобиль жолунун чыгыш тарабынан, Кыргыз РеспубликасынаОш-Исфана автомобиль жолунун участогун куруу үчүн гана жер участогу,Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Исфара районунун Сурх айылы-нан түндүгүрөөктө авариялык сел өткөрүүчү нук аркылуу көпүрө менен жанаИсфара-Ворух автожолунун үстүндөгү жол менен кошулган эстакадалык жолөткөргүч түрүндө, жана андан ары Исфара дарыясынын сол жээгин жана"Танги Сурх" тоосунун этегин бойлой батышты карай долбоорлонуп жатканавтомобиль жолу Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынынмамлекеттик чегараларынын линиясы менен батыш тарабынан кесилишкен, Шу-ристан сел өткөрүүчү нугу аркылуу көпүрө алдында өтүүчү чекитке, жана110 кВ электр өткөрүү линиясынын участкасы "Айгүл-Таш" подстанциясынанТажикстан Республикасынын Ходжа-Ало Жаомата Чорку калктуу конушунантүштүктөгү "Самат" подстанциясына чейин, Тажикстан Республикасынын мый-замдарына ылайык (Тиркеме).". Премьер-министр Н.Танаев