Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-апрели № 201-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жањы
паспорт менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечүү максатында:
1. Өкмөттүк комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премь-
ер-министринин милдетин аткаруучу, өкмөттүк
комиссиянын төрагасы;
Суранчиев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин
орун басары, комиссиянын төрагасынын орун ба-
сары.
комиссия мүчөлөрү:
Мамытов Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кыз-
матынын төрагасынын биринчи орун басары (ма-
кулдашуу боюнча);
Кушчубеков Т.Ч. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин
биринчи орун басары;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин
орун басары;
Орозбаев Э.М. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин
орун басары;
Худайбердиев З.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа-
лыматтык ресурстар жана технологиялар мамле-
кеттик агентствосунун директору;
Маатов Д.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын коргонуу жана укук коргоо органдары-
нын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Сыдыгалиев Т.У. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын юридика бөлүмүнүн башчысынын орун
басары;
Жигич З. - Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл ара-
лык уюмдун миссиясынын башчысы (макулдашуу бо-
юнча);
Молдобаева Б.Б. - Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл ара-
лык уюмдун программаларынын координатору (ма-
кулдашуу боюнча).
2. Өкмөттүк комиссия тендердин жана Контракттын шарттарына, Конт-
рактка № 1 Кошумча макулдашууга кол коюуга, № 2 Кошумча макулдашуунун
шарттарына байланыштуу материалдарды иликтөөнү шашылыш тартипте ишке
ашырсын, ошондой эле кыргыз тарабынан компенсацияланууга тийиш болгон,
Башкы подрядчы тарабынан коюлуучу кеткен чыгымдарга экспертиза
жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агентствосу өкмөттүк комиссиянын иштери-
нин жыйынтыктарын эске алуу менен паспорттук долбоорду ишке ашыруу жана
Кыргыз Республикасынын калкын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жањы паспорттор
менен камсыздоо маселеси боюнча өкмөттүк чечимдердин пакетин даярдасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-
ринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу И.Д.Кадырбековго,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана
укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жана юридика бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев