Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-апрели № 209-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. 2004-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененКытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техника-экономикалыккызматташтык жөнүндө макулдашууга каралган акысыз гранттын каражаттары-нан экспедициялык топтун ишине байланышкан 500 мињ кытай юаны суммасын-дагы чыгымдарды төлөө жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ушун-дай каты менен бирге Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн жооп катынын тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри-нин милдетин аткаруучу Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбековичке Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооп ка-тынын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр К.Бакиев