Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-майы № 215-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кадрдык өзгөрүүлөр болгонуна байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-апрелиндеги №192-б буйругу менен түзүлгөн, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаар-дын жанындагы жерлерин өз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жай-гаруу боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин: - Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премь-ер-министринин милдетин аткаруучу, мамлекеттик комиссиянын төрагасы бо-луп бекитилсин; - комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: - Бурханов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызма-тынын төрагасы; - Салымбеков А.М. - Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу; - комиссиянын курамынан И.Д.Кадырбеков, Т.С.Мүсүралиев чыгарылсын. Премьер-министр К.Бакиев