Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмүт үйү
2005-жылдын 25-майы, № 232-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ
Чакан шаарлардын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууда андан
аркы сапаттуу өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу, кошумча жумуш орундарын
түзүү жана чакан шаарларды өнүктүрүүнүн программаларын жана
стратегияларын иштеп чыгуу жана ийгиликтүу ишке ашыруу боюнча иштерди
координациялоо максатында:
1.Төмөнкү курамда өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Керимкулов Медетбек - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-
Темирбекович премьер министринин милдетин
аткаруучу, комиссиянын төрагасы,
Молдокулов Сабырбек - Кыргыз Республикасынын экономика-
Айдарканович лык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министринин биринчи орун басары,
комиссиянын төрагасынын орун басары,
комиссия мүчөлөрү:
Аалиев Гүлжигит - Кыргыз Республикасынын саламаттык
Кенжекараевич сактоо министринин орун басары,
Абдыбеков Мелисбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
Дүйшөбаевич караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо боюнча мамлекеттик агентство-
нун директорунун орун басары,
Абдыраманова Чолпон - Кыргыз Республикасынын Премьер-
Шабданбаевна министринин Аппаратынын социалдык-
маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн
сектор башчысы,
Асанакунов Болот - Кыргыз Республикасынын Шаарлар
Жапарович ассоциациясынын аткаруучу директору
(макулдашуу боюнча),
Жыбыкеев Калыбек - Кыргыз Республикасынын Президенти-
Орозбекович нин Администрациясынын уюштуруу
иштери жана мамлекеттик өз алдынча
башкаруу саясаты бөлүмүнүн
жергиликтүү өз алдынча башкаруу
жана агрардык саясат секторунун
башчысы (макулдашуу боюнча),
Зарипов Аскарбек - Кыргызтураккоммунсоюздун төрагасы,
Иманалиев Калмурза - Кыргыз Республикасынын Жамааттарды
Табалдиевич өнүктүрүү жана инвестициялоо
агентствосунун аткаруучу директору-
нун орун басары,
Мамбеталиев Муратбек - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана
Кубанычбекович социалдык жактан коргоо министрли-
гинин статс-катчысы,
Өмүралиев Төлөбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
Эсенгулович өз алдынча башкаруу жана региондук
өнүктурүү иштери боюнча
министринин милдетин аткаруучу,
Сабитов Азим - Кыргыз Республикасынын Премьер-
Сайпидинович министринин Аппаратынын экономика,
өнөр жай жана соода башкармалыгы-
нын эксперти
Сманалиев Кынатбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү
Мойнокович министринин орун басары,
Төрөмырзаев Эмирлан - Кыргыз Республикасынын Финансы
Төрөмырзаевич министрлигинин статс-катчысы,
Турсунов Анвар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
Турсунбаевич караштуу Архитектура жана курулуш
боюнча мамлекеттик комиссиянын
төрагасы,
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын чакан шаарларды өнүктүрүүнү колдоо боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдеринин
аткарылышына талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкүлөр боюнча
сунуштарды даярдасын жана киргизсин:
Дүйнөлүк банк жана башка чет өлкөлүк финансы уюмдары тарабынан
берилген, Кыргыз Республикасынын чакан шаарларды өнүктүрүүгө
багытталган финансы каражаттарын (кредиттерди, гранттарды) натыйжалуу
пайдалануусу;
КСФК, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ЖАК МКК, кредиттик союздардын
жана башка кичикредиттик уюмдардын Кыргыз Республикасынын чакан
шаарларды өнүктүрүүгө багытталган «Айыл инвестициялары» долбоорунун
ресурстарын пайдалануусу;
-чакан шаарлардын жергиликтүү жамааттары тарабынан эл аралык
уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана
инвестициялоо агентствосунун катышуусунда даярдалган Кыргыз
Республикасынын чакан шаарларды өнүктүрүү стратегияларын карап чыксын
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө андан ары берүү үчүн
өкмөттүк комиссиянын иш материалдарынын топтомун жана жеткире иштеп
чыгууну камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук
өнүктүрүү иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз
Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу
чакан шаарларды өнүктүрүү стратегияларын аткаруу боюнча иш-чараларды
аларды каржылоонун жана инвестицияларды тартуунун конкреттүү
булактарын кароо менен иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-июнундагы № 305-
6 жана 2003-жылдын 14-январындагы № 15-6 буйруктары күчүн жоготту деп
табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнор жай жана соода
башкармалыгына жүктөлсүн.
.
Премьер-министр К.Бакиев