Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2005-жылдын 27-майы, № 236-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайынын чарбакер субъекттеринөнүктүрүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги: «Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө»Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын «Капиталдык салымдар» статьясындакаралган чектерде бюджеттик каражаттарды көмүр казуучу ишканаларгатиркемеге ылайык болуп берсин; - «Көмүр мамлекеттик ишканасы менен бирдикте 2005-жылы көмүрказуучу ишканаларга «Капиталдык салымдар» статьясы боюнча бөлүнгөнкаражаттардын максаттуу пайдаланышына контролду камсыздасын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети республикалык бюджеттин каражаттарын акысыз негизде алышкан көмүр өнөр жай ишканалары менен бирдикте акционерлердин жалпы чогулуштарынын кароосуна акциялардын мамлекеттик үлүшүн көбөйтүү жөнүндө сунуштарды аныкталган тартипте киргизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кенказып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев