Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-июну № 259-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 5-июлундагы № 297-б буйругунун, 2005-жылдын 12-июлундагы № 308-б буйругунун,
2005-жылдын 13-июлундагы № 309-б буйругунун,
2005-жылдын 26-июлундагы № 329-б буйругунун
2005-жылдын 8-декабрындагы №515-б буйругунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын жарандарын жањы үлгүдөгү улуттук паспорт-тор жана атайын бланкалык продукция менен камсыздоону уюштурууда одонотартип бузуулар жана кыянаттык менен пайдалануулар жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын31-декабрындагы № 1853-11 токтомун жана "Кыргыз Республикасынын жаран-дарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу абалы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 29-апрелиндеги № 215-111токтомун ишке ашыруу максатында: 1.(күчүн жоготту) 2.(күчүн жоготту) 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агентствосу: - Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун Мисси-ясы менен 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун буклеттерин "Dе lа Rue"(Улуу Британия) компаниясынан алуу үчүн бажылык тариздөөгө жана бажылыктөлөмдөрдү төлөөгө, паспортторду автоматташтырылган персонификациялоосистемасынын (ПАПС) жањы жабдууларын сатып алуу, аны ушул максат үчүнКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн имаратка монтаждоо жа-на орнотуу, ошондой эле ПАПСтын жањыдан тандалган персоналына эмгек акытөлөөгө финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн; - 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортко бааны жана мам-лекеттик алымдын өлчөмүн бекитүү боюнча нормативдик документтердин па-кетин даярдасын. 4. Паспортторду автоматташтырылган персонификациялоо системасынкиргизүүгө, ошондой эле жалпы жарандык, кызматтык, дипломатиялык пас-порттордун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жањы үлгүдөгү паспор-тунун бланктарын даярдоого кайталап тендер өткөрүү үчүн тендердик ко-миссиянын тиркелген курамы бекитилсин. 5. (күчүн жоготту) 6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жана юридикалык бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-б буйругу менен бекитилген Паспортторду автоматташтырылган персонификациялоо системасын киргизүүгө, ошондой эле тиркемеге ылайык жањы үлгүдөгү жалпы жарандык, кызматтык, дипломатиялык паспорттордун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун бланктарын даярдоого кайтадан тендер өткөрүү үчүн тендердик комиссиянын курамы (КР Өкмөтүнүн
2005-жылдын 26-июлундагы № 329-б буйругунун редакциясына ылайык) Айдаров Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укук коргоо органдары- нын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, тендердик комиссиянын төрагасы; Худайбердиев З.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа- лыматтык ресурстар жана технологиялар мамле- кеттик агентствосунун директору, тендердик ко- миссиянын төрагасынын орун басары; Нуржанов Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мам- лекеттик сатып алуулар жана материалдык ре- зервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага- сы, тендердик комиссиянын төрагасынын орун ба- сары. Комиссия мүчөлөрү: Мамытов Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кыз- матынын төрагасынын биринчи орун басары (ма- кулдашуу боюнча); Орозбаев Э.М. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Мамытов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын юридика бөлүмүнүн башчысы; Бейшембиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли- гинин Консулдук кызмат башкы башкармалыгынын начальниги; Байгазиев Т.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин паспорттук-визалык иштер башкармалыгынын начальниги; Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары. Көз карандысыз консультант: Жигич Златко - Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл ара- лык уюмдун миссиясынын башчысы.