Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 27-июну № 280-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Оргтехника" акционердик коомунун финансылык-чарбалык иш-аракетте-
рин иликтөө жана ушул ишкананын учурдагы проблемаларын чечүү максатын-
да:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жусупов Ж.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,
өнөр жай жана соода министрлигинин өнөр жай
тармактары башкармалыгынын начальниги, комисси-
янын төрагасы;
Медетов И.Б. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,
өнөр жай жана соода министрлигинин Нарын облус-
тук башкармалыгынын начальниги, комиссиянын
төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Алсеитов А. - Нарын облусунун Жумгал районунун прокурору (ма-
кулдашуу боюнча);
Горлова Н.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,
енөр жай жана соода министрлигинин өнөр жай
тармактары башкармалыгынын кайра иштетүүчү өнөр
жай бөлүмүнүн башкы адиси;
Дүйшөнов Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,
өнөр жай жана соода министрлигинин Нарын облус-
тук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Ибраимов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин өнөр жай
объекттерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү
бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Кондратенко Г.И. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин ички аудит башкар-
малыгынын бөлүм начальниги;
Осетрова О.Ф. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
структуралык реформалардын мониторинги жана
макроэкономикалык талдоо башкармалыгынын башкы
адиси;
Токтошев А.С. - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча
министринин кењешчиси.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө "Оргтехника" акционердик коомунун
финансылык-чарбалык иш-аракеттерин иликтесин жана Кыргыз Республикасы-
нын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине ушул иш-
кананын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-
малыгына жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов