Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-июлу № 316-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 399-б буйругунун редакциясына ылайык) 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунунтиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Түрк Республикасындагы Атайын жана Толукукуктуу Элчиси Абылов Мамбетжусун Абыловичке көрсөтүлгөн Макулдашуугапринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүукугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарымукук берилсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы №399-б буйругунун редакциясына ылайык) Премьер-министр К.Бакиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,мурдагы достук байланыштарына таянышып, 1993-жылдын 3-мартындагы КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда-гы Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге жана2000-жылдын 15-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Рес-публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү, илим жана техника жаа-тындагы аскердик кызматташуу жөнүндө келишимине шилтеме жасашып, аскер-дик кызматташууну терењдетүү жана Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максаттарында төмөнкүлөр боюнчамакулдашты: 1-статья. Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АКШдолларынын эквивалентинде 1402500 (бир миллион төрт жүз эки мињ бешжүз) түрк лири өлчөмүндө грант берет. Ушул грантты өздөштүрүү 2005-жылдан башталат. 2-статья. Бул гранттын АКШ долларынын эквивалентиндеги 1402500 (бир миллионтөрт жүз эки мињ беш жүз) түрк лири Түркия Республикасынын тийиштүүмыйзамдарынын алкагында материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө бе-рилет. 3-статья. АКШ долларынын эквивалентиндеги 1402500 (бир миллион төрт жүз экимињ беш жүз) түрк лири өлчөмүндөгү грант Материалдык-техникалык жардам-ды аткаруу жөнүндө протоколго ылайык берилет, ага эки өлкөнүн ыйгарымукуктуу адамдары ортосунда ушул Макулдашууга шилтеме жасоо менен кошум-ча кол коюлат. 4-статья. Кыргыз Республикасы Түркия Республикасынын алдын ала макулдугуналбастан материалдык каражаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондойэле аларды пайдалануу укугун башка өлкөгө же үчүнчү тарапка бербөөгөмилдеттенет. 5-статья. Бул Макулдашуу Түркия Республикасынын Министрлер Кењеши бекиткенкүндөн баштап күчүнө кирет жана Аткаруу протоколунда айтылган бардыкматериалдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинеөткөрүлүп жана кызмат көрсөтүүлөр толук аткарылган учурга чейин күчүндөболот. 6-статья. Кайтарымсыз жардам жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын аты-нан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республикасы-нын атынан - Генералдык Штабы тарабынан аткарылат. Бул Макулдашууну аткаруу боюнча бардык талаш-тартыштар түзсүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Макулдашуу 2005-жылдын "__" __________ Анкара шаарында, ар бирикыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эки нускада түзүлдү жана бар-дык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптаранглис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Уран Ботобеков Али Акдоган Кыргыз Республикасынын генерал-майор Түркия Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин Кењешчиси Генералдык Штабынын Коргонууну пландоо жана ресурстарды башкаруу департаментинин начальниги