Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу N 356-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасында экспорттук көзөмөлдү лицензиялоо системасынавтоматташтыруу жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Кыргыз Республикасынынэкономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги менен АКШнынМамлекеттик департаментинин ортосундагы меморандумдун долбоору жакты-рылсын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Рсепубликасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги менен АКШ мамлекеттик департаментинин ортосунда Кыргыз Республикасында экспорттук көзөмөлдү лицензиялоо системасын автоматташтыруу жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай соода ми-нистрлигинин жана АКШ Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү экспорттуккөзөмөл жагында эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтыктыбекемдөө үчүн керек болгон этаптарды сүйлөшүштү. Жолугушууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө АКШ Мамлекеттик департа-ментинин жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жайжана соода министрлигинин өкүлдөрү төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: I. Аныктамалар Ушул Меморандумдун максатында "тарап" Кыргыз Республикасынын Эко-номикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине (мындан ары "Ми-нистрлик") же АКШ Мамлекеттик департаментине (мындан ары "АКШ Мамдепар-таменти) караштуу. "Тracker" (ањдуунун автоматташтырылган системасы) экспорттуккөзөмөлдү лицензиялаштыруу процессин автоматташтырууга керек болгонпрограммалык камсыздоонун торлуу системасына караштуу. Программалыккамсыздоо системасы бир министрликте же ведомстводо жалањ гана ичкиколдонуу үчүн колдонууга орнотулат, башка өкмөттүк структуралардын тор-лоруна жана башка өлкөлөрдүн торлоруна баардык кызыккан жактардын кало-осу ушундай болсо кошуп байланышышат. Программалык камсыздоо системасычек арадан аскер продукциясын жана эки ача маанидеги товарларды трас-порттоо жөнүндөгү маалымат менен алмашууну жакшыртууга, кењейтүүгөмүмкүндүк берет. Ал экспорттук лицензиялоо процессин ылдамдатуу, ошон-дой эле ушул процесске көбүрөөк көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн кодонулушумүмкүн. "1993 жылдагы Макулдашуу" 1993-жылдын 19-майындагы Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн жана АКШ Мамлекеттик департаментинин ортосундагыжардам берүү жагында кызматташтык жөнүндө Макулдашууга караштуу. II. Кызматташтыктын көлөмү Кыргыз Республикасынын территориясында стратегиялык товарларгаэкспорттук көзөмөлдүн эффективдүү системасын түзүү максатында АКШ Мам-департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстан үчүн экспорттуккөзмөлдү лицензиялоонун автоматташтырылган системасын иштеп чыгуудакызматташтыкты сунуш кылууда. АКШ Мамдепартаменти "Тracker" программа-лык камсыздоо системасын Министрликке экспорттук көзөмөл суроосунтейлөөчү Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволорунабекер бермекчи болууда, ошондой эле ушул министрликтерди жана ведомс-тволорду бул система менен иштөөгө үйрөтүүгө дагы. "Тracker" программа-лык камсыздоо системасы өзүнө кийинкилерди камтыйт: 1. Компакт-дискте электрондук форматта болгон "Тracker" программа-лык камсыздоо. 2. "Тracker" Программалык камсыздоосуна тийиштүү иш кагаздар,ошондой эле "Тracker" системасы менен иштөө боюнча үч колдонмо: 1) "Тracker" системасын колдонуучу үчүн колдонмо; 2) "Тracker" системасын башкаруу боюнча колдонмо; 3) "Rosetta-J" программасын колдонуучу үчүн колдонмо. АКШ Мамдепартаменти бар болгон жабдууну модернизациялоого же"Тracker" системасы менен иштөө үчүн керек болгон кошумчажабдууну бөлүпберүүгө, жана ушул программанын чегинде берилүүчү программалык камсыз-дандырууну жана баардык жабдууну орнотууда техникалык жардам бермекчиболууда. Жогоруда айтылганга кошумча кылып АКШ Мамдепартаменти система-ны орноткондон кийин бир жылдын ичинде "Тracker" системасы менен иштөөбоюнча үйрөтүүнү жана техкамсыздандырууну өткөрүүгө ниэттүү. Министрлик "Тracker" системасын Министрликтин талаптарына "Тrac-ker" системасын ылайык келүүнүн корутунду баасынын жыйынтыгында КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн экспорттук көзөмөлүн лицензирлөөнүн автомат-таштырылган системасы катары киргизүүгө ниэттүү. Министрлик "Тracker"системасынын иштешине керек болгон кызматчыларды, жумуш имаратын,электр кабельдерин өткөрүүгө, телефон линияларын орнотууга ниэттүү. Ми-нистрлик "Тracker" системасын колдонуу үчүн керек болгон баардык маалы-матты которуп берүүгө ниэттүү. III. Инспекция жана аудит Тараптар 1993-жылдагы Макулдашуунун 3-статьясында көрсөтүлгөн про-цедураларды (АКШ Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн каалаган программанын инспекция-сын жана аудитин өткөрүүгө жардам көрсөтүү жөнүндөгү) ушул Меморандум-дун аткаруусу менен байланыштуу иш чараларга колдонууга болоорунтүшүнүшүүдө. IV. Берүүдөн жана таратпоодон баш тартуу Ушул Меморандумду аткарууда жана техникалык баалонун жыйынтыгындатараптардын өкмөттөрүнүн министрликтери жана ведомстволору менен алын-ган маалымат тараптардын өкмөттөрүнө кирбеген үчүнчү тарапка алдын алабашка жактардын макулдугун албастан таратылбашы керек. АКШ Мамдепарта-ментинин жазуу түрүндөгү макулдугун албастан Министрлик ушул Меморан-думдун чегинде алып жаткан жабдууну, технологияны, окууну же кызматтар-ды үчүнчү тарапка бербеши керек. V. Күчкө кирүү датасы жана иштөө мөөнөтү Ушул Меморандум эки тарап кол койгон учурдан баштап күчкө кирет,жана 1993-жылдагы Макулдашуу күчтө болгонго чейин же тараптын бирөөсүэкинчисине 90 күн мурун кат билдирүүсүн берүү менен Меморандумду тарка-ганга чейин күчүн сактайт. VI. Жергиликтүү жана эл аралык мыйзамчылык менен ылайыктыгы Ушул Меморандум эки тараптын тењ саясаттык келишимдүүлүгү болупэсептелет жана юридикалык милдетүү иш кагаз эмес. Жетишкен макулдашуу-лар эки тарап менен анын жергиликтүү мыйзамдуулугуна ылайык аткарылат.Ушул Меморандум юридикалык милдеттенмелерди түзө турган, өзгөртө турганже таасирин тийгизе турган эчтекени камтыбайт. Бишкек шаарында 2005 жылдын "___" _______ кыргыз, англис жана орустилинде эки түп нускада түзүлгөн . Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай Мамлекет департаменти үчүн жана соода министрлиги үчүн