Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-августундагы № 393-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж Клубунун2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу максатында: 1. Долбоорлор жактырылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын тышкы карызын жана реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу ("Кыргызстан II" макулдашуусу); - KfW банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 28 241 912,96 евро суммасына Консолидациялык макулдашуу (Консолидация 2005); - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Euler Hermes Kreditversicherungs-Aktiengesellschaft, Hamburg, и PricewaterhouseCoopers Aktiengesellschaft Wirtschaftsprufungsgesellschaft, Frankfurt am Mainден турган Консорциумдун ортосундагы келишим. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статс-катчысы Төрөмырзаев Эмирлан Төрөмырзаевичке жогоруда аталган Макулдашуунун долбоо-руна, Консолидациялык макулдашуунун долбооруна жана Келишимдин долбборуна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов