Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-августундагы № 394-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж Клубунун2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүнортосундагы Кыргыз Республикасынын мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жана 2002-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерация-сынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын мурда берилген кредиттербоюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Толук-тоонун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Респубилкасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толукукуктуу Элчиси Жумагулов Апас Жумагуловичке жогоруда аталган Макулдашуунундолбооруна жана Макулдашууга Толуктоонун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов