Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-сентябры № 421-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин кампаларындагы то-вардык запастарды азайтуу боюнча иштерди активдештирүү, алардын финан-сылык абалын жакшыртуу, айланымдуулукту тездетүү жана жүгүртүлүүчү ка-ражаттар менен толуктоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттерине менчигинин түрүнөкарабастан 2005-жылдын 1-январына карата товарлардын жана продукциялар-дын запастарын жана өтпөй жаткан калдыктарын (2004-жылга чейин чыгарыл-гандар) 2005-жылдын 31-декабрына чейин өздүк наркынан арзан баада сату-уга уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы даяр продукциянын калдыктарын жана өнөр жайлык запастарды са-туудан түшкөн каражаттардан салык алууда ушул буйрукту жетекчиликке ал-сын. 3. Ишканалардын жетекчилерине суроо-талаптарды изилдөө боюнча мар-кетинг кызматынын ишин күчөтүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүнилгерилешин камсыздоочу дилердик тармакты активдүү түзүү сунушталсын. 4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлиги 2006-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө бул буйруктунаткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы N294-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов