Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-сентябры N 412-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, пен-сионерлерге, жалгыз бой картањ граждандарга, майыптарга, ошондой элекары-картањдар жана майыптар үчүн интернат үйлөрдө жашаган адамдаргабир жолку даректүү колдоо көрсөтүү максатында: 1. 2005-жылдын 1-октябрында Улгайган адамдардын күнү жана Улгайганадамдарды колдоонун жана кайрымдуулуктун бир айлыгы өткөрүлсүн. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, облустук, райондук мамлекеттик адми-нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мен-чигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын жетекчилери бир ай-лыкты өткөрүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн, каражаттарды ка-раштырып табышсын, тийиштүү иш-чараларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү бел-гилеп жана ишке ашырышсын: - 2005-жылдын 1-октябрынан баштап Улгайган адамдардын эл аралыккүнүн бардык жерде белгилөө жана Улгайган адамдарды колдоонун жана кай-рымдуулуктун бир айлыгын өткөрүү; - эмгектин жана согуштун ардагерлерине сый көрсөтүү; - жењилдиктерди берүү, социалдык пособиелерди жана акчалай компен-сацияларды берүү; - жалгыз бой, картањ жана аз камсыз улгайган адамдарга кийим, буткийим жана тамак-аш сатып алуу, отун камдоо үчун акысыз материалдыкжардам көрсөтүү; - тиричиликтик, медициналык жана юридикалык тейлөө кызматтарынакысыз көрсөтүү; - айрыкча муктаж улгайган адамдарды акысыз түштөнүү менен камсыз-доо; - арзандатылган баа менен азык-түлүк жана өнөр жай товарларынынжарманкелерин өткөрүү. 3. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жургүзүшкөн юридикалыкжактарга жана жеке адамдарга калктын аз камсыз катмарларына гуманитар-дык жардам көрсөтүү сунушталсын. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында каралган бардык жењилдиктердин жана компенсациялардын2005-жылга карата сарптоолордун бекитилген сметасынын чегинде өз уба-гында каржыланышын камсыздасын. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов