Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 24-сентябры N 423-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Кыргыз Республикасында азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" дегенЯпония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникала-рын өз учурунда алуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - "Кыргыз Республикасында азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" де-ген Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техни-каларын гуманитардык жардам катары кабыл алсын; - келүүчү айыл чарба техникаларын жана алардын запастык бөлүктөрүнмамлекеттик жана техникалык экспертизалоону камсыз кылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы Япониянын Эл аралык көмөктөшүү системасы (JICS) менен "ИточиКорпорейшндин" ортосунда 2005-жылдын 28-июнундагы контракт боюнча Кыр-гыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай минист-рлигинин дарегине гуманитардык жардам катарында келүүчү товарлар үчүн,ошондой эле гарантиялык жана постгарантиялык мезгилде сервистик кызматкөрсөтүүлөр жана запастык бөлүктөрдү берүүлөр үчүн бажы төлөмдөрүн,КНСти жана башка ички салыктарды төлөөдөн белгиленген тартипте бошот-сун. 3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясына Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жан министрлигинин дарегинекелүүчү айыл чарба техникаларын жүктөөгө вагондорду көрсөтүлгөн кызмат-гарга акы албастан үзгүлтүксүз жана өз учурунда берүүнү камсыздоо су-нушталсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов