Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 23-апрелинин № 177-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2005-жылдын 13-августу № 363-б
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) макулдашылган иш-аракеттерин жүргүзүү аркылуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча функцияларды натыйжалуу жана сапаттуу аткаруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменттин директору" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 1-пунктун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук институттун директору;";
- 1-пунктун сегизинчи абзацындагы "жана маданият" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Инвестициялык жана ишкердик саясат департаментинин директору;";
- 1-пунктун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору;";
- 1-пунктун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбордун "ВИГЕНС" президенти (макулдашуу боюнча).";
- 1-пунктун он биринчи абзацы жана 3-пункт алып салынсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун директору;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук агентствосунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана стандарттар департаментинин директору;";
- 2 жана 4-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктагы "инвестициялар жана мамлекеттик менчик" деген сөздөр "өнөр жай жана соода" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр
| К.Бакиев |