Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-апрели N 198-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун тургундары-
нын социалдык-экономикалык проблемаларын комплекстүү изилдөө жана чечүү
боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү,
өнөр жай жана соода министринин биринчи орун
басары, өкмөттүк комиссиянын төрагасы;
Төрөмырзаев Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
статс-катчысы, өкмөттүк комиссиянын төрагасынын
орун басары;
Байсалов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таты, өкмөттүк комиссиянын төрагасынын орун ба-
сары (макулдашуу боюнча);
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-
кациялар министринин биринчи орун басары;
Айдаралиев Б.Р. - Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө
кырдаалдар министринин биринчи орун басары;
Байтемиров Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык
жактан коргоо министринин орун басары;
Исраилов А.А. - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча
министринин орун басары;
Абдыбеков М.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-
мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекет-
тик агентствонун директорунун орун басары;
Назаров Б.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-
тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комис-
сиянын төрагасынын орун басары;
Тазабекова А.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-
тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комис-
сиянын мамлекеттик турак-жай курулушу департа-
ментинин директору;
Ормушев К.К. - Нарын облустук мамлекеттик администрация башчы-
сынын орун басары.
2. Өкмөттүк комиссия:
- социалдык-экономикалык абалды жерине чыгуу менен изилдесин жана
Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун тургундарынын
проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча максатка багытталган мамлекеттик
программаны иштеп чыксын;
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун тургунда-
рынын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча мамлекеттик программаны
ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна аныкталган тартипте жибер-
син.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев