Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 13-февралы № 52
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
224-статьяда:
статьянын аталышындагы "кошумча буюмдар коюлган (аудиокөрмө каражаттардан башка) же" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегинде, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринде, арткы айнегинде жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоочулардын айдоосу-".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 26-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |