Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-ноябры, №493-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2006-жылы эгин өндүрүүнү көбөйтүү жана өлкөнүн азык-түлүккоопсуздугун камсыз кылуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине 2005-жылы тендердик негизде сатып алынган 2500 тоннаазоттук минералдык жер семирткичтерди республиканын бардыкрегиондорунда куздүк буудай себүүлөрдү, ошондой эле 2006-жылга КыргызРеспубликасынын бийик тоолуу райондорунда жаздык буудай себүүлөрдүэрте жаздагы азыктандырууга пайдаланышына уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги көрсөтүлгөн азоттук минералдык жер семирткичтердиоблустардын мамлекеттик администрацияларынын суроо-талаптарыныннегизинде бөлүштүрүүнү, ошондой эле жогорку репродукциядагы үрөнөстүрүүчү үрөнчүлүк чарбаларына минералдык жер семирткичтерди бөлуүнукамсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууЭкономиканы онүктүрүүнүн мамлекеттик фонду процентсиз товардыккредитти 2006-жылдын 1-декабрына чейин кайтарып берүү мөөнөтүндөайылдык товар өндүрүүчүлөр менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүкмилдеттенмелерди белгиленген тартипте тариздөөнү жүргүзсүн. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов