Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-декабры № 534-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын бардык категориядагы чарбаларында малдынжана үй канаттууларынын иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн: 1. Республиканын бүткүл аймагында бардык категориядагы чарбаларда2006-жылдын 1-январына карата малга жана үй канаттууларына бир учурдасанак жүргүзүлсүн. 2. 2006-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын бардыкайылдык, поселоктук жана шаардык кењештеринде жањы чарба китептер (№ 1форма) жана үй чарбалардын алфавиттик китептери киргизилсин. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары: - аныкталган тартипте: малды жана үй канаттууларды саноого даярдануу жана санак жүргүзүүбоюнча мамлекеттик ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү жетектеген жумуш-чу комиссияларды түзүшсүн; мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын, айылдык, поселоктуккењештердин, шаар өкмөттөрүнүн, мамлекеттик жана жамааттык чарбалардын,укук коргоо жана финансы органдарынын, кварталдык комитеттердинмүчөлөрү, коомчулуктун өкүлдөрү кошулуучу адамдардын (санакчылардын)тизмелерин бекитишсин жана алар иштөөчү участокторду аныкташсын; - 2006-жылдын 2-15-январында санакчылар ар бир дыйкан (фермердик)чарбаны, жарандардын менчик көмөкчү чарбаларын, ошондой эле айыл жанашаар жерлеринде дачалык участокторду, эс алуу үйлөрүн, пансионаттардыжана башка өзүнчө жайгашкан обьекттерди (темир жол разьезддерин, кашар-ларды, чабандардын үйлөрүн, кыштоолорду) милдеттүү түрдө кыдыруу жолуменен малдын жана үй канаттууларынын ар бир түрүн санап, малга жана үйканаттууларына санактын сапаттуу жүргүзүлүшүн камсыздоо боюнча зарылчараларды көрүшсүн; - эл арасында малды жана үй канаттууларын саноонун милдети жанамаксаттары жөнүндө кењири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн; - санакчы персоналды транспорт менен камсыздоо маселесин чечишсин,ошондой эле малды жана үй канаттууларын саноо учурунда санакчылардынкоопсуздугун камсыздасын. 4. Көмөкчү чарбаларында малы жана үй канаттуулары бар министрлик-тер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ишканаларжана уюмдар санак башталганга чейин аларды 2006-жылдын 1-январына кара-та инвентаризациялоону жана саноону бүтүрүшсүн. 5. Бардык уюштуруучулук-укуктук формалардагы жана менчиктинтүрүндөгү айыл чарбалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерижер-жерлердеги статистика органдарына 2006-жылдын 1-январына карата арбир чарбадагы малдын жана үй канаттууларынын иш жүзүндөгү саны жөнүндөтекшерилген маалыматтарды аныкталган формалар боюнча жана белгиленгенмөөнөттөрдө беришсин. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуубоюнча), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аймактык ичкииштер органдары: - 2005-жылдын 26-декабрына чейин айылдык, поселоктук жана шаардыккењештерди малды жана үй канаттууларын саноо боюнча формулярлар мененкамсыздашсын; - айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин жетекчилери мененмалды жана үй канаттууларын саноого даярдануу жана саноо, ошондой элежањы чарбалык эсеп документтерин киргизүү боюнча нускамалык кењешмелер-ди өткөрүшсүн; - малдын жана үй канаттууларынын санын контролдук текшерүүлөрдүуюштурушсун. Санак учурунда малдын саны жөнүндө маалыматтарды бурмалоофактылары аныкталса күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык жоопкерчиликке тартышсын. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуубоюнча) малды жана үй канаттууларын саноонун баштапкы жыйынтыктарын2006-жылдын 27-январына карата, акыркы жыйынтыгын - 2006-жылдын 17-фев-ралына карата берсин. 8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги айыл чарбалык жаныбарлардын жана үй канаттууларынын жу-гуштуу ооруларынын алдын алуу жана эпизоотияга каршы иш-чараларды өзучурунда жүргүзүү максатында, ошондой эле ветеринардык препараттардынкеректүү санын аныктоо үчүн чарбалык эсеп документтеринде малдын жанаүй канаттууларынын саны жөнүндө такталган жазууларды пайдалансын. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-декабрындагы №780-б
буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин. 10. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов