Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-декабры № 559-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердикмилдеттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 24, 32, 33, 96-статьяларына, 99-статьясынын 2-пунктуна ыланык жана 1989-жылы туулганжарандарды аскердик эсепке алуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 1989-жылы туулганжарандарды 2006-жылдын январь-март айларында жергиликтүү аскердикбашкаруу органдары аркылуу чакыруу участкаларына каттоону жүргүзсүн. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары жарандарды чакырууучасткаларына каттоону жүргүзүү үчүн: - курамында комиссиянын төрагасы — райондук (шаардык) аскеркомиссары жана комиссияга мүчө врачтар: хирург, терапевт,невропатолог, дерматолог, психиатр, окулист, отоларинголог,стоматолог, ошондой эле медициналык сестралардын арасынан катчыдантурган жарандарды чакыруу участкаларына каттоочу райондук (шаардык)комиссиялардытүзүшсүн. - каттоодон отүү үчүн жарандардын аскер комиссариаттарына келишинжана алардын чакыруу участкаларына автотрапспорт менен уюшкандыктажеткирилишин камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн; - керектүү сандагы техникалык кызматкерлерди--жана тейлөөчүперсоналды, ошондой эле аскердик эсепке туруудан качкан жарандардыиздөө үчүн автотранспорт бөлүп беришсин; - комиссиялар тарабынан дарылоо мекемелерине жиберилген уландардымедициналык текшерүү жана дарылоо, ошондой эле эсепке алуудокументтеринин бланктарын даярдоо үчүн акы төлөшсүн; - техникалык кызматкерлер жана автотранспорт берилбеген учурдарайондук (шаардык) аскер комиссариаттарына техникалык кызматкерлердижергиликтүү бюджеттин эсебинен кармоо жана транспорт кызматтарынынчыгымдарына төлөө үчүн керектүү сандагы акча каражатын бөлүүнүкараштырышсын. 3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги: - жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча райондук (шаардык)комиссиялардын курамында иштөөгө квалификациялуу адис врачтардын жанаорто медицина кызматчыларынын зарыл санын жиберсин; - жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча комиссиялартарабынан жиберилген уландарды керектүү учурларда стационардык(амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды чакырууучасткаларына каттоодо, аскердик каттоого туруудан качкан адамдардыиздөөдө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жардам жана көмөккөрсөтсүн, ошондой эле зарыл учурда аларды Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартсын. 5. Ведомстволук таандыктыгына, менчигинин түрүнө жана чарбажүргүзүү шарттарына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардынжана окуу жайлардын жетекчилери, ошондон эле анын өкмөттөрүнүнбашчылары, турак-жай эксплуатациялык уюмдардын,турак - жай курулушкооперативдеринин жетекчилери жана кварталдык комитеттердин төрагаларыошол ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана окуу жайларда иштеген(окуган) же ведомствого караштуу аймактарда жашаган, 1989-жылы туулгануландардын тизмесин райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынаберишсин. 6. Комиссиялардын мүчөлөрүнүн, техникалык кызматчылардын жанатейлөөчү персоналдын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акысысакталаары белгиленсин. 7. Жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча райондук(шаардык) комиссиялар өз иштеринде Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын талаптарын жана жоболорун бекем карманышсын. 8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштерибоюнча бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинежүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов