Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-декабрындагы № 561-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуунун жана контролдоонун,
аларды Кыргыз Республикасын контрабандалык алып келүүнү жоюу жөнүндө
нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул маселе боюнча мурда кабыл алынган
чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Иманкулов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигинин бажылык саясат жана жергиликтүү
салыктар бөлүмүнүн начальниги,
Акматов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Материалдык-тылдык камсыздоо башкармалыгынын авто-
транспорт бөлүмүнүн начальниги,
Валиева Н.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекет-
тик салык инспекциясынын Кыйыр салыктарды контрол-
доо башкармалыгынын товарлардын акцизделчү тобу-
нун жүгүртүлүшүн жана акциздик маркалардын эсепке
алынышын контролдоо бөлүмүнүн начальниги,
Акишев К.С. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы-
нын бажылык мыйзам бузууларга каршы күрөшүү бөлү-
мүнүн начальниги (макулдашуу боюнча),
Жолдошбаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Мамле-
кеттик бажы инспекциясынын Бажылык төлөмдөр баш-
кармалыгынын тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы
инспектору,
Акматова И.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекет-
тик бажы инспекциясынын Бажылык төлөмдөр башкарма-
лыгынын тарифтик жөнгө салуу бөл€мүнүн улук
инспектору,
Жумабекова Г.А. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-
нистрлигинин бажылык саясат жана жергиликтүү са-
лыктар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,
Дукесова Ш.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм
министрлигинин отун-энергетикалык баланс бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси,
Оморов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы-
нын Экономикалык контрчалгын башкармалыгынын кыз-
маткери (макулдашуу боюнча),
Базаркулов У.А. - "Мунай Мырза Ойл" жоопкерчилиги чектелген коомунун
директору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2006-жылдын 1-февралына чейин
төмөнкүдөй чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
берсин:
- Кыргыз Республикасына келип жаткан күйүүчү-майлоочу материал-
дарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасына контрабан-
далык алып келүүнү жоюу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 9-январындагы № 10
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына алынып келүүчү нефти
продуктуларга акциздик пломбаларды колдонуу жөнүндө убактылуу жобону
жоюу тууралуу.
Премьер-министр Ф.Кулов