Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 13-февралы № 56
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2005-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
16-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(4) Кылмыштарды өнөкөт кылмыштар деп таанууда төмөнкүлөр эске
алынбайт:
1) анчалык оор эмес атайын кылмыш үчүн соттуулук;
2) он сегиз жашка чейинки адам жасаган кылмыш үчүн соттуулук;
3) шарттуу деп таанылган кылмыштар үчүн, болбосо өкүмдү аткарууну
кийинкиге калтыруу берилгендиги боюнча соттуулук, эгерде шарттуу сотту-
улук же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жоюлбаган жана адам жазаны
өтөө үчүн эркинен ажыратуу жайына жөнөтүлбөгөн, ошондой эле ушул Ко-
декстин 76-статьясында белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган
сотгуулуктар.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев