Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-январы, № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
БУЙРУГУ
Социалдык-экономикалык проблемаларды талкуулоо жана аларды
оперативдүү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдары, менчик секторунун, өкмөттүк
эмес уюмдарынын, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен өз ара
аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында:
1. Республиканын министрликтеринин, ведомстволорунун жана
ишканаларынын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын менчик секторунун,
өкмөттүк эмес уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен
2006-жылдагы жолугушууларынын тиркелген графиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча
мамлекеттик инспекциясы, Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргызгаз»
акционердик коому, «Түндүк электр» ачык акционердик коому,
«Кыргызтелеком» ачык типтеги акционердик коому, «Бишкек жылуулук
тармагы» ачык акционердик коому, Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-
коммуналдык жана отун-энергетикалык комплекси департаменти,
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары менен бирдикте:
- тиркелген графикке ылайык социалдык-экономикалык маселелерди
талкуулоо үчүн менчик сектордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана коомдук
бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурушсун;
- кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгын системалуу түрдө талдашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы мииистрлиги Кыргыз
Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте тиркселген графикке ылайык
жолугушууларда өз өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын менчик
секторунун, өкмөттүк эмес уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин
өкүлдөрү менен жолугушууларында төрагалык кылуучулар төмөнкүдөй
аныкталсын:
- 2006-жылдын 28-мартында - Кыргыз Республикасынын эмгек жана
социалдык жактан коргоо министри;
- 2006-жылдын 21-июнунда - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
министри;
- 2006-жылдын 20-сентябрында - Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
- 2006-жылдын 15-декабрында - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын
директору.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-декабрындагы №
816-6 буйругу 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп
табылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын
маалыматтык-аналитикалык иш жана коомдук байланыштар боюнча
башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрүлгөн жолугушууларды
чагылдырууну камсыз кылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов