Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 7-февралы № 50-б
Мектептерди курууда жана авариялык мектептерди капиталдык оңдоодо негизги заказчы катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жаиа жаштар саясаты министрлиги аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө" 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 438 токтомунун 9-пунктун аткаруу жана курулушу, капиталдык ремонту 2006-жылы ишке ашырылышы керек болгон жалпы билим берүүчү уюмдардын тизмесин тактоо максатында:
1. 2006-жылы мектептерди куруу жана авариялык мектептерди капиталдык оңдоо үчүн жалпы билим берүүчү уюмдарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик турак жай курулуш департаментине бекитип берүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
2. Өкмөттүк комиссия министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда бөлүштүрүлгөн, 2006-жылы курулууга жана капиталдык оңдоого тийиш болгон жалпы билим берүүчү уюмдардын такталган тизмесин 2006-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3 Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 7-февралындагы № 50-б
буйругуна тиркеме
2006-жылы мектептерди куруу жана авариялык мектептерди
капиталдык оңдоо үчүн жалпы билим берүүчү уюмдарды Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин
алдындагы Мамлекеттик турак жай курулуш департаментине
бекитип берүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын курамы
Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-ми-
нистри, комиссиянын төрагасы;
Рустенбеков Ж.С. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистри;
Досбол Нур уулу - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министри;
Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-
тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент-
тиктин директору;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министринин орун басары;
Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистринин орун басары;
Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министринин орун басары;
Тазабекова А.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-
тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент-
тигинин алдындагы Мамлекеттик турак жай курулуш
департаментинин директору;
Абдиева М.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кушбаков Д.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми-
нистрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу
жана жоюу боюнча түштүк региондук департаменти-
нин директору;
Исаков М.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми-
нистрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу
жана жоюу боюнча департаментинин директору;
Тургунбаева А.А. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министрлигинин материалдык-тех-
никалык жабдуу жана оңдоо секторунун башчысы.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев