Бишкек шаары. Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-февралы, № 55-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Пензаоблусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жана иш менен камсыздоомаселелери боюнча кызматташуу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооружактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Мадумаров АдаханКимсанбаевичке жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгүоњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Пенза облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жана иш менен камсыздоо маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Россия Федерациясынын Пенза облусунун Өкмөтү, достук мамиленин жана кызматташтыктын принциптерин жетекчиликкеалышып, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жарандарынынмиграция тармагындагы укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыздоонужактаарын ырасташып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүнортосундагы 1996-жылдын 28-мартындагы Эмгекчи мигранттардын эмгектикишмердиги жана социалдык корголушу жөнүндө макулдашуунун жоболорунанегизденишип, Эмгектик миграция чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктыннатыйжалуу формаларын өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыктынмаселелерин ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулушаарын билдиришип,төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар өз компетенцияларынын чегинде эки мамлекеттин мыйзамдарынжана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен ушул Протоколдунжоболоруна ылайык кызматташууну ишке ашырышат. 2-статья Тараптар миграция жана элдин иш менен камсыздалышы тармагындакызматташтыкты төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча ишке ашырышат, алар: - эмгектик миграция; - маалыматтык системаларды өнүктүрүү, маалыматтык-талдоо ишмердигижана алардын натыйжаларын алмашуу. 3-статья Бул Протоколдун алкагында кызматташуу төмөнкүдөй негизги формалардаишке ашырылат: - Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын Пензаоблусунун аймагында ишке орношууга Россия Федерациясынын колдонуудагымыйзамдарына ылайык жардамдашуу жана Россия Федерациясынын Пензаоблусунун жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орношуугаКыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жардамдашуу; - вакансиялар жана жумушчу күчкө керектөө бар экени жөнүндөмаалыматтарды алмашуу; - миграция тармагындагы мыйзамдык жана башка нормативдик укуктукактыларды алмашуу; - эл аралык уюмдардын эмгектик ресурстарды бөлүштүрүү тармагындагыбиргелешкен долбоорлорду ишке ашыруусуна катышуу. 4-статья Пенза облусунун Өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясынын Пензаоблусунун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигининЭмгек боюнча башкармасынын ыйгарым укуктуу өкүлү өз компетенциясынынчегинде төмөнкүдөй иштерди аткарат: - потенциалдуу иш берүүчүлөрдү издөө; - керектүү кесиптердин жана адистиктердин тизмесин түзүү, уруксатберүүчү тийиштүү документтерди тариздөөгө жардамдашуу; - иш орунга чейин узатып баруу жана жайгаштыруу; - эмгек мигранттардын укуктук статусуы мыйзамдаштыруу; - эмгектик келишимдерди түзүү боюнча юридикалык консультациялардыуюштуруу; - Кыргызстанда ишке орноштуруу үчүн россиялык адистерди паритеттикнегизде тандоо. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз РеспубликасынынМиграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин ыйгарымукуктуу өкүлү төмөнкүдөй иштерди аткарат: - Кыргыз Республикасынын жарандары болгон адистер жөнүндө колдоболгон керектүү маалыматтарды берүү; - россия тараптын суроосуна ылайык Россия Федерациясынын Пензаоблусуна жумушка жиберүү үчүн адистерди тандоо жана жөнөтүү; - Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын Пензаоблусуна баруунун, ал жерде жүрүүнүн жана ишке орношуунун тартиби,эмгек акы төлөөнүн тартиби менен тааныштыруу; - иш берүүчүгө эмгек мигранттар келүүчү күн (убакыт) жөнүндөкабарлоо; - Россия Федерациясынын Пенза облусунун тургундарын КыргызРеспубликасында ишке орноштуруу үчүн потенциалдуу иш берүүчүлөрдүпиритеттик негизде издөө. Тараптар Кыргыз Республикасынын Пенза облусундагы өкүлүн транспорт,байланыш каражаттары жана оргтехника менен камсыздап, анын ишинуюштурушат. 5-статья Бул Протоколдун негизинде Тараптардын мамлекеттеринин аймагындаэмгектик ишмердик жүргүзүүчү жумушчулар 18 жаштан кичүү болбошу керек. 6-статья Кабыл алуучу Тараптын иш берүүчүсү чарбалык ишин токтотконуна,кызматкерлердин саны же штаты кыскарганына байланыштуу змгек мигрантменен эмгектик келишимди бузган учурда жумушчуга кабыл алуучумамлекеттин мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөндөй себептербоюнча бошотулган кызматкерлер үчүн жењилдиктер жана компенсацияларколдонулат. Бошотулган кызматкердин чыккан мамлекеттеги туруктуу жашаган жеринекайра баруусуна жеткидей каражатты иш берүүчү берет. Эмгек мигрант менен эмгектик келишим жумушчудан көз каранды эмессебептер боюнча бузулган учурда ал кабыл алуучу Тараптын мамлекетининаймагында эмгектик ишмердигин змгектик келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтбүткөнгө чейин улантууга, башка иш берүүчү менен жањы эмгектик келишимтүзүүгө укуктуу. Кызматкерди башка иш берүүчүгө которуу кызматкердин жазуу жүзүндөгүмакулдугу менен гана ишке ашырылат. 7-статья Бул Протоколдун жоболорун чечмөлөөгө же колдонууга байланышканбардык пикир келишпестиктер сүйлөшүү жана консультация жолу мененчечилет. 8-статья Кызматкерлерге мертинүүдөн, кесиптик оорудан же эмгектик милдетинаткарууга байланыштуу ден соолугу башкача бузулуудан келтирилгензыяндын ордун толтуруу тартиби кабыл алуучу Тараптын мыйзамдары мененжөнгө салынат. 9-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгүболуучу өзүнчө протокол менен таризделишет жана ушул Протоколдункүчүнө кириши үчүн белгиленген тартипте күчүнө киришет. 10-статья Бул Протокол кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет, ал эми мыйзаммамлекет ичиндеги тийиштүү жол-жоболорду талап кылган Тараптар үчүн,алар аткарылган учурдан баштап күчүнө кирет. Бул Протокол 5 жыл мөөнөткө түзүлдү. Эгер Тараптардын бири тийиштүүмезгил бүтөөрдөн кеминде алты ай мурда башка Тарапка анынжарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса,жарактуулугу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет. Бул Протоколдун жарактуулугу токтотулган учурда анын жоболору ушулПротоколго ылайык ишке ашырылып жаткан бүтө элек иш-чаралардынбардыгына карата колдонула берет. 2006-жылдын "__" ___________ Россия Федерациясынын Пенза шаарындаорус тилиндеги зки нускада түзүлдү. Пенза облусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн