РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 56 буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                      КР Министрлер Кабинетинин

        2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык

                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-февралы № 56-б

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

 

     Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруу маселелерин опе-

ративдүү чечүү максатында:

     1. Кыргыз Республикасынын жарандарын  паспорттор  менен  камсыздоо

боюнча кечиктирилгис чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бе-

китилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Тышкы иштер министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-

ги,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологи-

ялар мамлекеттик агенттиги Планды ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис  ча-

раларды көрүшсүн.

     3. Маалыматтык ресурстарды түзүү жана калкты паспорттоштуруу масе-

лелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу максатында

төмөнкүдөй курамда эксперттик топ түзүлсүн:

     Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

                         паратынын реформаларды, мамлекеттик программа-

                         ларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыз-

                         доо башкармалыгынын начальнигинин орун басары,

                         топтун жетекчиси;

     Скобеев Е.Л.      - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

                         паратынын коргонуу жана укуктук тартип  иштери

                         боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкери, тотун же-

                         текчисинин орун басары;

     Тен В.А.          - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-

                         таты К.С.Исабековдун консультанты  (макулдашуу

                         боюнча);

     Кубатов Ж.О.      - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конс-

                         титуциялык   мыйзамдар,  мамлекеттик  түзүлүш,

                         мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам

                         укуктары  боюнча  комитетинин иш-аракетин кам-

                         сыздоо боюнча комитетинин иш-аракетин  камсыз-

                         доо  боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу бо-

                         юнча);

     Рыскулов А.Т.     - Консулдук кызмат  департаментинин директорунун

                         орун басары,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-

                         тер      министрлигинин     паспорттук-визалык

                         бөлүмүнүн башчысы;

     Кожошалиева Д А.  - Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин

                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбо-

                         орлоо иштерин координациялоо боюнча башкы баш-

                         кармалык-борборунун башкы адиси;

     Баяманова З.Э.    - Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Маа-

                         лыматтык ресурстар жана  технологиялар  мамле-

                         кеттик  агенттигинин укуктук камсыздоо жана эл

                         аралык  кызматташтык  бөлүмүнүн  начальнигинин

                         милдетин аткаруучу;

     Токобаева Г.С.    - Кыргыз Республикасынын Экономика жана  финансы

                         министрлигинин салыктык саясат бөлүмүнүн башкы

                         адиси;

     Абакова Н.Б.      - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-

                         нин паспорттук жана визалык иштер  башкармалы-

                         гынын инспектору;

     Жумадылов Т.А.    - "Интел-Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун

                         маалыматтык-аналитикалык  жана укуктук камсыз-

                         доо кызматынын начальниги.

     4. Эксперттик топ Планда каралган  мөөнөттө  тиешелүү  чечимдердин

долбоорлорун  иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

     5. Бул  буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов