Бишкек шары2006-жылдын 16-февралы, №58 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ УКУКТАРДЫ ЖАНА АНЫ МЕНЕН БОЛГОН БҮТҮМДӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУ 2005-жылдын 26 —декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгонбүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999 —ж., №4, 193 — ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 9 —статьянын 1 — пунктунда: «саясатты аныктайт жана жөнгө салат» деген сөздөр «мамлекеттинсаясатын ишке ашырууну камсыз кылат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;«камсыз кылуу» деген сөздөр алып салынсын. 2. 22 — статьяда: 1 — пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1. Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоону 10күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга мындай укукту талашып жатканадамдын арызы негиз болуп саналат. Каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун талаш укуктукатгоону токтото туруу жөнүндө аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт,Каттоону токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасы 10 күндүничинде келип түшпөсө өтүнүч билдирилген укук катталууга тийиш.»; 3—пункттун «ж» пунктчасы алып салынсын. 3. 24 —статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «24-статья. Кыймылсыз мүлккө каттоону жүргүзүү жана түйшүккөсалуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалымат 1. Мамлекеттик же коммерциялык сырды камтыган маалыматтардыкошпогондо, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгонбүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган инсандыктыырастаган документин (юридикалык жактарга карата — алардын каттоодонөткөнүн жана алардын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочудокументтерди) көрсөткөн кимге гана болбосун жазуу жүзүндөгү арызыбоюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жана түйшүккөсалуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. 2. Кыймылсыз мүлккө карата катталган укуктар жөнүндө маалыматкыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөтүрүндө берилет, анда төмөнкүлөр камтылат: - кыймылсыз мүлк объектисинин сыпаттамасы; -укук ээсинин аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы); -маалымат берилип жаткан учурга карата чыныгы укуктар жана түйшүккөсалуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар; -чектөөлөр (түйшүккө салуулар) коюлган мөөнөт. Арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча төмөнкүдөй кошумча маалымат берилет: -кыймылсыз мүлккө карата мурда катталган укуктар жөнүндө; -салык салуу максатында кыймылсыз мүлктүн нарктык баасы жөнүндө; - кыймылсыз мүлк бирдигинин кадастрлык планынын көчүрмөсү. Жергиликтүү каттоочу орган арыз ээсинин каалоосу боюнча өзүнчө акыалуу менен кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо баракчасын берет. 3. Айрым жактын өзүнө таандык кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндөжалпыланган маалыматтар, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн каттоокитепчесиндеги документтердин көчүрмөлөрү төмөнкүлөргө гана берилет: -укук эсинин өздөрүнө; -укук ээсинен ишеним кат алган жеке жана юридикалык жактарга; -өндүрүшүндө айрым кыймылсыз мүлк объекттерине жања (же) алардынукук ээлерине байланыштуу иштер турган сотторго жана укук коргоооргандарына; - салык органдарына; - кыймылсыз мүлккө укук универсал укук мураскорлугу иретинде өткөнжактарга. 4. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоочу орган кыймылсызмүлктүн укук ээсинин суроо-талабы боюнча анын укугу бар кыймылсыз мүлкобъектиси жөнүндө маалыматтарды алышкан жактар жөнүндө маалыматгардыберүүгө милдеттүү. 5. Кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана түйшүккө салуулар(чектөөлөр) жөнүндө маалымаггар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбелгилөөчү тартипте тийиштүү акы төлөө менен берилет.». 4. 31—статьянын 1 - пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары алыпсалынсын. 5. 40 —статьянын 3-пунктундагы «мындай макулдук ижара жана биринчижолку ипотека жөнүндөгү келишимге ылайык талап кылынган учурларды-кошпогондо» деген сөздөр «эгерде мурда катталган ижара же ипотекажөнүндө келишимде башкача каралбаса» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 6. 57-статьянын 2 —пунктунун төртүнчү абзацындагы «жалпыюрисдикциядагы сотко» деген сөздөр «тийиштүү сот» деген сөздөр мененалмаштырылсын. 2—статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктукактыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев