Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 9-марты № 109-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539 токтомунун
редакциясына ылайык)
Эл аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) ортосундагы техникалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана радиациялык коопсуздук жагында мамилелерди жөнгө салуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын МАГАТЭ менен техникалык кызматташтык боюнча жана радиациялык коопсуздук жагында мамилелерди жөнгө салуучу аткаруу органы деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги ядролук материалды эсепке алуу жана контролдоо боюнча жооптуу аткаруучу орган деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө радиациялык коргоо жана коопсуздук, радиоактивдүү булактарды пайдалануу, радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана таштандыларды башкаруу маселелери боюнча атайын ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө сунушту белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |