Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-марты № 123 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосунда туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуу-нун долбоору жактырылсын. 2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгүоњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, соодажана туризм министринин орун басары Мамашов Турусбек Чукуевичке ыйгарымукук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Россия Федерациясынын Өкмөтү: - туризм боюнча 1989-жылдагы Гаага декларациясынын жана 1980-жыл-дагы дүйнөлүк туризм боюнча Маниль декларациясынын жоболорун көњүлгөалып, - Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын элдеринин орто-сундагы достук байланыштарды кењейтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттинтарыхий жана маданий мурастары менен таанышууга көмөктөшүү ниетин бил-дирип, - туризм элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыњдоонун, жакшыниеттерди билдирүүнүн, мамилелерди бекемдөөнүн маанилүү каражаты боло-рун эске алып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар ушул Макулдашууга, эки мамлекеттин мыйзамда-рына жана өздөрү мүчө болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайыкөз ара пайдалуу жана тењ укуктуулуктун негизинде туризм жагында кыз-матташууну өнүктүрөт жана чыњдайт. 2-статья Тараптар эл аралык туризмди өнүктүрүүгө катышуучу, аныничинде туризм чөйрөсүнө капиталдык салымды ишине ашыруучу, ошондой элетуристтерди тейлөө максатында биргелешкен ишкердикти уюштуруучу россия-лык жана кыргызстандык туристтик уюмдардын ортосундагы кызматташуунуөнүктүрүү жана байланыштарды түзүүдө туризмди башкаруучу өздөрүнүн мам-лекеттик органдарына көмөк көрсөтүшөт. 3-статья Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайыкэки мамлекеттин ортосундагы туристтик алакаларга байланыштуу иш аракеттерди жөнөкөйлөштүрүүгө умтулушат. 4-статья Тараптар туризмди башкаруунун мамлекеттик органдары аркы-луу уюштурулган топтук, ошондой эле жеке туризмге, адистештирилгентуристтик топторду алмашууга, анын ичинде туризм маселелери боюнчаспорттук иш-чараларга, музыкалык, театралдык фестивалдарга, ошондойэле көргөзмөлөргө, симпозиумдарга жана конгрестерге катышуу макса-тында көмөк көрсөтүшөт. 5-статья Тараптар туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарынын ортосундагыстатистикалык, маалымдама-информациялык, жарнамалык жана туризм тарма-гындагы башка маалыматтарды алмашууларды кубаттайт, ага төмөнкү маалы-маттар да кирет: өздөрүнүн мамлекеттеринде туристтик ишмердүүлүктү жөнгө салуучумыйзамдык жана башка нормативдик актылар жөнүндө; өз мамлекетиндеги табигый ресурстарды жана көзгө урунарлык мадани-ят объектилерин сактоо жана коргоо жагындагы мыйзамдар жөнүндө; мейманканаларды жана туристтерди жайгаштыруунун башка каражатта-рын, ошондой эле туристтерге кызмат көрсөтүүчү мекемелерди башкаруутажрыйбалары жөнүндө. 6-статья Туризмди башкаруунун мамлекеттик органдары бир Тараптанбашка Тараптын мамлекетинин аймагына туристтик сапарга кетип баратканөзүлөрүнүн жарандарына чет өлкөлүк жарандардын келишин, болушун жанакетишин жөнгө салуучу мыйзамдар жөнүндө маалымат менен камсыздайт. 7-статья Тараптар туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарынатуризм чөйрөсү үчүн кесипкөй адистерди даярдоодо,туризм маселеси боюнчаадистешкен илимий кызматкерлерди, эксперттерди жана журналисттерди өзара жиберишүүдө көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясында туризм тармагындагы изилдөөлөрдү ишкеашыруучу уюмдардын ортосундагы байланыштарга жана кызматташууларга шарттүзүшөт. Тараптардын туризмди башкаруунун мамлекеттик органдары өз мамле-кеттеринин кызматташуусун Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана башка эл ара-лык туристтик уюмдардын алкагында координациялашат. 9-статья Тараптар туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарына Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн мамлекеттери-нин аймагында туризм иштери боюнча өкүлчүлүктөрдү ачууга көмөктөшөт. Өкүлчүлүктү ачуу жана анын ишмердиги менен байланышкан маселелерТараптардын туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарынын ортосунда ма-кулдашылат жана барган мамлекеттин мыйзамдары менен жөнгө салынат. 10-статья Тараптар бул Макулдашууну аткарууга жооптуу туризмди башкаруунун мамлекеттик органдарынын дайындалгандыгы жөнүндө бири биринедипломатиялык каналдар аркылуу билдиришет. 11-статья Адистерди жиберишүү жана иш сапарларды ишке ашыруунунфинансылык шарттары Тараптардын туризмди башкаруунун мамлекеттик орган-дарынын ортосунда ар бир конкреттүү учурда макулдашылат. 12-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгонмамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгын ырастаган жазуужүзүндөгү акыркы билдирүү келген күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 жылга түзүлөт жана Тараптардын бири дипломатиялыкканалдар аркылуу жазуу жүзүндө экинчи Тарапка бул Макулдашуунун колдо-нулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин Макулдашуунун мөөнөтү бүтөөрүнө6 ай калганга чейин билдирбесе ал 5 жылдык мөөнөткө андан ары автомат-тык түрдө узартылып турат. Бул Макулдашуунун колдонулушунун токтотулушу эгер Тараптар башкачамакулдашпаса ал колдонулган мезгилде макулдашылган долбоорлор мененпрограммалардын аткарылышына таасирин тийгизбейт. _______________ шаарында 2006-жылдын "___" __________ эки нускада,ар бири кыргыз жана орус тилдеринде даярдалды, эки текст тењ бирдейкүчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн