Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-марты №131-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ «Кыргыз Республикасынын Биринчи Президенти А.А.Акаевге, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына таандык кыймылдуу, кыймылсызмүлктү аныктоо жана анын сакталышын камсыз кылуу боюнча мамлекеттиккомиссиянын маалыматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 248
токтомун ишке ашыруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети, облустук мамлекеттик администрацияларбелгиленген тартипте: - «Мээрим» Эл аралык кайрымдуулук фондунун балдарга билим берүүборборлорунун имараттарын жана мүлкүн № 1 тиркемеге ылайык мамлекеттикменчикке кабыл алсын; - «Мээрим» Эл аралык кайрымдуулук фондунун балдарга билим берүүборборлорунун жогоруда аталган имараттарын жана мүлкүн түздөн-түзбагыты боюнча пайдалануу үчүн шаардык жана райондук билим берүүбөлүмдөрүнүн балансына өткөрүп берсин. 2. Облустук мамлекетгик администрациялардын жетекчилери жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте облустук, шаардык жанарайондук билим берүү бөлүмдөрүнүн балансындагы балдарга билим берүүборборлорун каржылоону № 2 тиркемеге ылайык улантышсын жана 2006-жылдын бюджетинде жана андан кийинки жылдарда аларды каржылоогокаражаттарды караштырышсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигине жана КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданийөнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов