Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 11-апрели, № 164-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги менен Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илиммиинистрлигинин ортосунда жаштар саясаты жагында кызматташтык жөнүндөМакулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүнболуучу түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жагында кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билимберүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен КазакстанРеспубликасынын Билим берүү жана илим министрлиги, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы мамилени чыњдоо жана салтболуп калган достук байланыштарды өнүктүрүүгө болгон өз ара каалоонужетекчиликке алып, жаштардын иши боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук, региондукжана башка жаштар уюмдарынын ортосунда өз ара кењири аракеттенүү жолуменен тењ укуктуулук принциптерине негизделген эларалык кызматташтыктыкењейтүүгө жана өркүндөтүүгө болгон каалоону ырастап, жаштар саясаты жагында өз ара тыгыз байланыштарды жанакызматташтыкты түзүү Кыргыз Республикасы менен КазакстанРеспубликасынын жаш муундарынын өкүлдөрүнүн ортосунда өз аратүшүнүшүүнү терењдетүүгө көмөк көрсөтө тургандыгына ынангандыктарынбилдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар жаштардын иши боюнча иштеген мамлекеттик органдардын,улуттук жана региондук жаштар бирикмелеринин жаштар менен иштөөчөйрөсүндө тењ укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктары чыњдоодожана өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүп, жаштардын кызматташуусунургалдаштырууга, жаштарды маданий мурастар менен тааныштырууга, жаштарменен иштөө жагындагы долбоорлор менен программаларды жүзөгө ашыруугакатышуусуна багытталган демилгелерин жигердүү колдойт. 2-статья Тараптар тике түзүлгөн келишимдердин негизинде төмөнкүлөр аркылуужаштар саясаты жагындагы байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүколдойт жана кубаттайт: - Тараптардын ортосундагы биргелешкен иштер, байланыштар жана өзара алмашуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; - жаштар саясаты жагында иш тажрыйбаларды алмашуу; - Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жалпы программаларды ишкекиргизүүгө жана жаштар менен балдардын иш-чараларын (съезддерди,симпозиумдарды, конгресстерди, конференцияларды, семинарларды,тренингдерди, фестивалдарды, форумдарды, брифингдерди, көргөзмөлөрдү,конкурстарды, жолугушууларды) өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. 3-статья Тараптар бардык дењгээлдеги мамлекеттик жана өкмөттүк эмесуюмдардын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды өнүктүрүүгө, аныничинде делегацияларды, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнчамаалыматтарды алмашууга, ошондой эле биргелешип иштеп чыкканпрограммалар боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтөт. 4-статья Тараптар балдар менен жаштардын жайкы эс алуусун уюштуруу, каникулмезгилинде мектеп окуучулары менен студенттердин топторун өз араалмашуусу үчүн жагымдуу шарт түзөт. Тараптар жаштар маселеси менен иштеген эл аралык, өкмөттүк жанаөкмөттүк эмес уюмдардын иштеринде маалымат жана иш тажрыйбалардыалмашат. 5-статья Тараптар балдар жана жаштар менен иштөө жагында машыктыруучу-окутуучулардын, адистердин кызматташуусун кубаттайт, ошондой элеалардын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөт. 6-статья Тараптар жаштар менен иштөө жагында статистикалык жана башкамаалыматтарды алмашууну камсыз кылат, анын ичинде: - өз мамлекеттеринде жаштар саясаты маселелерин жөнгө салганмыйзам жана башка ченемдик укук актылары жөнүндө; - жаштар саясатын жүзөгө ашыруудагы иштин абалы жөнүндө; - маалымдама-информациялык, методикалык жана башка материалдар. 7-статья Тараптар жашы жетелектердин иштери боюнча кызматтардын, жаштарүчүн социалдык кызматтардын борборлорунун жана жашы жетелектер мененжаштарга психологиялык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүүчүалардын адистештирилген түзүлүштөрүнүн иш тажрыйбаларын алмашат. 8-статья Тараптар жаштарды иш менен камсыз кылуу тармагындагыпрограммаларды, ошондой эле алардын турак жай маселесин чечүүгөбагытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жагындатажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөт. Тараптар жаштардын эмгек жана студенттик курулуш отряддарын бирибирине жиберүүлөрдү алмашуусун кубаттайт. 9-статья Тараптар жыл сайын ушул Макулдашууга ылайык жаштар саясатыжаатында иш-чаралардын биргелешкен планын иштеп чыгышат жанабекитишет, аны ишке ашырууга көзөмөл жүргүзөт. 10-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болупсаналат жана өзүнчө протокол менен таризделет. 11-статья Ушул Макулдашууда каралган иштердин бардык түрлөрү Тараптардынмамлекеттеринин ченемдик укук актыларына туура келүүгө жана аларгаылайык жүзөгө ашырылууга жана Тараптардын мамлекеттеринин бюджетиндекаралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен тыюу салынбаган башкабулактардан каржыланууга тийиш. 12-статья Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралыккелишимдерден келип чыккан алардын укуктары менен милдеттенмелеринетиешеси болбойт. 13-статья Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда галаштаржана кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар аларды кењешүү жанасүйлөшүү жолу менен, же болбосо дипломатиялык каналдар аркылуучечишет. 14-статья Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет,белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушул Макулдашуунунколдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген жазуу жүзүндөгүбилдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейинколдонулат. 15-статья Бул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу ушул Макулдашуунунжоболорунун негизинде макулдашылган жана аньш колдонулушун токтотууучурда аяктай элек долбоорлорду жана программаларды Тараптардынаткарууларына, ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатындатүзүлгөн келишимдер менен макулдашуулардын колдонулушуна таасиринтийгизбейт. _________________шаарында 200_____жылдын «_____»___________________ эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү,бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыканучурда Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат. _______________________ _________________________ Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Билим берүү, илим жана Билим берүү жана илимжаштар саясаты министрлиги министрлиги үчүн үчүн